«Ысык курут»-ден соолукка абдан пайдалуу

«Ысык курут» — кыргыз элибиздин унутта калган тамак-аштарынын бири. Ден-соолукка абдан пайдалуу, өзгөчө Рамазан айында орозо кармаган мусулман элдерибиз ичип алса топук кармайт. Бул тамакты «Дордой» базарында иштеген ишкерлер жакшы билсе керек, анткени контейнерлердин ичинин сууктугу Аксы жергесинен да өтөт, ал эми «Ысык курут» бул нерсеге дагы туруштук бере алат.  Ар бир региондун климатына, табигатына айтор жаратылышына жараша ар башкача жасалат. Ал эми, бул сүрөттөгү «Ысык курут» Баткен облусунун Кадамжай шаарында жашаган Үмүтай Исакова эжекебиздин колунан даярдалды.

Курамына — курут, ун, суу, сары май, кумшекер же, туз кошулат. Байкасак эң жөнөкөй, арзан азык түлүктөр. Бирок, ден-соолукту чыңдоочу азык.
Даярдалышы — алгач сүрөттөгү курутту кайнатылган сууга эзебиз, сууда эң көп дегенде 30 мүнөт  кармалат. Курут жөнөкөй сүзүмөдөн эмес, кайнатылган сүзүмөдөн кургатылышы керек. Аны тиштегенде өтө катуу эмес кадимки борпоң топурак сыяктуу сезилет жана даамы абдан туздуу болот. Чокко ысытылган казанга 5-6 кашык унду кызылыраак кылып кууруп, 1,5 литр суу куюп кайнатабыз. Ал кайнагандан кийин эзилген сүзүмөнү электен өткөзүп алып, жалаң гана суюгун кайнаган сууга кошобуз дагы, аралаштырып курамына сары май жана ар кимдин табитине жараша кумшекер, же туз кошобуз. Ушуну менен «Ысык курут» дайын болду. Тамагыңыз даамдуу болсун.  Эскертүү, «Ысык курутту» ысытып гана ичебиз!!!

Даярдаган: Гүлжан Бакиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *