Баланын окууда ийгилик жаратышы – ата-эне үчүн өзгөчө сыймык. Андыктан ата-эне сизге кеӊеш

БАЛАНЫН ЖЕМИШТҮҮ ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН АТА-ЭНЕГЕ 10 КЕҢЕШ

Баланын окууда ийгилик жаратышы – ата-эне үчүн өзгөчө сыймык. «Менин балам, менин кызым…» деп сыймыктанууну кааласаңыз, анда балдар психологу Гуля Акбутинанын төмөнкү кеңештерине кулак салыңыз.


1. МАКСАТ КОЮҢУЗДАР
Балаңызды жаныңызга чакырыңыз да, жаңы окуу жылына кандай максаттарды коёсуздар, чогуу талкуулап, баракка жазып, көрүнүктүү жерге илип коюңуз. Алардын ичинен эң негизгисин белгилеп көрсөтүңүз. Алдыга коюлган максаттар жөн салды эмес, реалдуу, ишке ашкыдай болушу шарт.

2. ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИҢИЗ
Эң негизги шарт – үй-бүлөдө тынчтык өкүм сүрүшүн, сүйүү, мээримдин орун алуусун камсыздоо. Үй-бүлөдөгү ызы-чуу баланы стресске кабылтат. Ал эми стресстин кесепетин айтпасак да белгилүү. Мындан сырткары баланын күнүмдүк рациону, мектеп формасы, стол, отургуч, окуу куралдарынын баары талапка ылайык тандалышы керек. Мисалга калем сапты эле алалы. Туура эмес тандалган калем сап балага ыңгайсыздык жаратары, анын кол жазмасын бузары турган кеп. Андыктан жакшы жуккан, сыясы акпаган, өтө ичке да, өтө жоон да жазбаган калем сап тандоо туура.
Баса, баланын мектепке көтөргөн сумкасына да убак-убагы менен көз сала жүрүңүз. Айрым балдар ашыкча буюмдарды, китептерди салып көтөрүп жүрө беришет. Ашыкча жүк көтөрүп жүрүү баланын дене түзүлүшүнүн өсүшүнө, маанайына терс таасир тийгизерин унутпаңыз.

3. ЖАКШЫ МААНАЙ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ
Жаңы окуу жылы башталарда айрым ата-энелер баласынан мурда «быйыл жаңы предметтер кошулат, эми балам кантер экен?» деп ачык айтып санаа тарта башташат. Албетте, ата-эненин мындай абалы баланы ого бетер стресс кылат. Андан көрө ага окуучулук күндөрдөгү кызыктуу окуялардан, каникулдан кийинки классташтар менен болгон жолугушуулар тууралуу айтып бериңиз. «Быйыл сен 3-класска барасың. Бул биз үчүн сыймык», «мектептен жаңы, кызыктуу маалыматтарды аласың» деп мектепке, окууга болгон кызыгуусун арттырыңыз.

4. ДЕМ БЕРҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ
Баланын окууга болгон аракетин баалаңыз, мактоого алыңыз. Мактоо баланын кийинки ийгиликтерине стимул болот. Мактап гана тим болбостон, андан аракетин баалоо учурунда кандай сезимде болгонун сурап, жоопкерчиликти сезе билүүгө үйрөтүңүз.

5. ЧОҢ НЕРСЕНИ ТАЛАП КЫЛБАҢЫЗ
«Быйыл сен эң алдыңкы окуучу болушуң керек, аракет кыл, болгон күчүңдү жумша» деп өзүңүздүн каалооңузду ага таңуулай бербеңиз. Сиз кайдан билесиз, балким, ал болгон аракетин билим алууга жумшап жаткандыр. Мындай талап баланын өзүнө болгон ишенимин жоготушу мүмкүн. Анын каалоосун, эмнеге кызыгарын угуп, ага өнөктөш болууга аракеттениңиз.

6. УБАКТЫСЫН ТУУРА БӨЛҮШТҮРҮҢҮЗ
«Үй тапшырмаларын аткармайынча телефон кармабайсың, телевизор көрбөйсүң, ойнобойсуң» деген талаптарды коюшат. Бул туура эмес ыкма. Бул учурда балада арыдан-бери үй тапшырмаларын аткарып кутулушум керек деген ой жаралат да, сапатына көңүл бурбайт. Андыктан баланын күн тартибин белгилүү сааттарга бөлүп коюу туура. Баланы смартфон, телевизор, оюн сыяктуу нерселерден биротоло чектөө да туура эмес. Алардын аң-сезиминин өсүшүнө кандайдыр бир салымы бар.

7. БАЛАҢЫЗ ҮЧҮН ҮЙ ТАПШЫРМАСЫН АТКАРБАҢЫЗ
Үй тапшырмасын аткаруу – баланын жоопкерчилиги. Эгер балаңыз үй тапшырмасын аткарып жатканда анын ар бир кыймылына көз салып, текшерип, улам жардамдаша берген адатыңыз болсо, аны токтоосуз таштаңыз. Мындай кадам айрым балдардын өзүнө болгон ишенимин жоготот, өз алдынча чечим кабыл алуусуна кедергисин тийгизет. Ошондой эле ар бир кыймыл-аракетин текшерүү айрым балдардын ачуусун келтирип, ортодо түшүнбөстүктөр орун алышы да мүмкүн. Сизге баланын үй тапшырмасын аткардыбы же жокпу, кандай сапатта аткарды, ошону гана билүү жетиштүү. Эгер кандайдыр бир көйгөйлөрдү байкасаңыз, дароо мугалимге жеткирип, чогуу чечүүгө аракет кылыңыз.

8. ЖҮРҮМ-ТУРУМУНАН КAАБАРДАР БОЛУҢУЗ
Мектепке барган бала класста отуруп гана келбейт, башка нерселер менен да алектенет. Андыктан балаңыз танаписте, түшкү тамактануу учурунда, жолдо жүргөндө эмнелер менен алектенет, классташтары менен мамилеси кандай, баарына кызыгып, көңүл бөлүңүз. Эгер кандайдыр бир көйгөйдү байкасаңыз, мугалим, тиешелүү адистер менен чогуу чечкенге аракет кылыңыз.

9. БААРЛАШЫҢЫЗ, КИТЕП ОКУП БЕРИҢИЗ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, мындан 25 жыл мурун 1-класска келген баланын лексикасында 5 миңдей сөз болсо, азыркылардыкында 2 миңге жетпеген гана сөз бар. Алар «мындай төмөн көрсөткүч баланын гаджеттерди көп пайдалануусунан жана ата-эненин бала менен аз баарлашуусунан улам» деген жыйынтык чыгарышып, «10 жашка чейинки балдар менен ата-эне күнүнө жок дегенде 1 саат баарлашуусу керек» деп кеңеш беришкен. Андыктан баланын өз оюн толук айтууга үйрөтөм, сөз байлыгын, аң-сезимин, сүйлөө речин, ой жүгүртүүсүн өстүрөм десеңиз, анда күн сайын ага кызыктуу китеп окуп берүүгө, кызыктуу темаларда баарлашууга убакыт табыңыз.

10. МЕКТЕП ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫҢЫЗ
Мектеп, мугалим, ата-энелер комитети менен тыгыз байланышта болуңуз, ата-энелер чогулуштарынан калбай барыңыз. Мугалимдердин, мектеп окуучуларынын бири-бирине жасаган мамилесинен кабардар болуу сиз үчүн ашыкча болбойт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *