Бүгүн Кыргызстандын курамасы футбол боюнча 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Тажикстандын командасы менен беттешет.

Эки команданын оюну Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадиондо өтөт. Оюн Бишкектин убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Кыргызстандын курамасы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (баары – «Дордой» клубу)

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Мустафа Юсупов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (баары – «Дордой» клубу), Андрей Долженко («Илбирс» клубу);

Жарым коргоочулар: Ахлидин Исраилов, Бактияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (баары – «Дордой» клубу), Турсунали Рустамов («Хужанд» клубу, Тажикстан), Одилжон Абдурахманов («Алай» клубу), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия);

Чабуулчулар: Абай Боколеев («Илбирс» клубу), Виталий Люкс («Ульм 1846» клубу, Германия), Эрнист Батырканов («Дордой» клубу), Мирлан Мурзаев («Доган Т.Б.» клубу, Түндүк Кипр).

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.