Сиз жана биз күткөн диктор, теле алып баруучу, теле жылдыз, коӊур үндүн ээси Нурдин Мотуев

Чындап эле Нурдин Мотуевди теледен көрүүнү самаган күйөрмандары көп. Нурдин мырза теле үчүн, өзгөчө жаӊылыктарды окуу үчүн жаралгандай… Учурда сүйүктүү дикторубуздун эмне менен алек болуп жаткандыгы биз үчүн да кызык болду, өзүмчүл болбойлу деп таланттуу алып баруучу менен болгон маегибизди сиздер менен дагы бөлүшүүнү эп көрдүк.

Алгачкы сурообуз балачагыӊыз жөнүндө болсун…

— Кичинемде Жумгал районунун Чаек айылында чоӊ атамдын колунда өстүм. Кийин ошол айылдын бала бакчасында тарбияландым, ал жерде кийим илгич бар эле, анда дарбыздын сүрөтү илинип турчу. Бүгүнкү күнгө чейин бакчадагы буламыктын жыты эсимде. Ошол кезде жаӊыдан дүйнө таанымым калыптанып, айлана-чөйрөнү аӊдап жаткан кезим экен. Ал учурда тажрыйбалуу ашпозчулар иштешчү беле, айтор андай буламыкты азыркыга чейин кездештире элекмин. Биздин бала бакчанын жанындагы эле Мидин Алыбаев атындагы орто мектебин аяктадым. Биз 10-класс менен бүттүк, бизден кийинкилер 11-класс менен аяктап калышты. Мектепти жакшы окудум, активист болдум. Пионерге өткөндөн кийин дружина советинин төрагасы болдум, активдүүлүгүмдөн улам комсомолго эрте кабыл алышты. Мектепте окуп жүргөндө комсомол уюмун жетектедим. 9-класстан баштап эле комсолдун райондук бюросунун мүчөсү болдум. Ошол кезде комсомолдук уюм чоӊ орган сыяктуу эле. Эгерде Советтер Союзунун системасы бузулбай турган болсо мен комсомолдун линиясы менен кетмек окшойм деп ойлоп калам. Мектепти 1989-жылы бүттүм. Эки жолу “Артек” жолдомосун утуп алдым, бирок экөөнө теӊ үй-бүлөлүк жагдайдан улам бара албай калдым. Анда Крымда “Артек” деген пионердик лагер бар болчу. Айылда күрөшкө барбасаӊ балдар арасында “Чаектик эмес”-деп эсептелчү. Себеп дегенде күрөш мектеби жакшы өнүккөн. 12 жашымдан баштап күрөш менен машыктым. Окуучулук күндөр балалыктын таттуу, эсте кала турган күндөрү экен. Советтер Союзу убагында күчтүү, социалдык көйгөлөрдү биринчи орунга коюп, күнүмдүк турмуш-тричилигинде кыйналбай жашай турган шарттарды түзгөн мамлекет болчу. Ошол кезде,  эрте боконосу ката элек, же эрезеге жете элек балдар азыркыдай базарларда ар кандай соода кылып акча табабыз деп жүрүшкөн эмес, ал кезде андай түшүнүк да жок болчу. Бүгүнкү күндө кичинекей балдардын базарда өзүнөн оор тачкаларды түртүп жүргөндөрүн көрүп чындап эле кейийсиӊ. Кийинки күнү ошол балдардын келечеги эмне болот?, байкап жүрөм көпчүлүк балдар базарлап эле кетишти, ата-энелер деле атайын жиберет “акча таап келет”-деп. Ошол балдарга салыштырмалуу биздин балачагыбыз “бактылуу балалык” деген доор сүргөн экен. Мектепти жакшы аяктадым, негизи чыгармачылыкка бала кезимден жакын элем. Анан университеттин журналистика факультетине тапшырып окуп калдым. Ошентип балалык күндүн доору студенттик күн менен алмашты.

-Балалык тууралуу сөз кылып калдык, балалык жөнүндө сөз болсо эле ата-эне эске келет эмеспи, сөз кезеги апаӊыз жөнүндө болсун…

-Атам өзү кесиби боюнча экономист бухгалтер болчу, Чаектеги курулуш мекемелеринде бухгалтер кесибинде эмгектенип жүрдү. Ал кезде союздун убагы мамлекеттик курулуш мекемелери көп эле. Апам болсо кесиби медик кардиолог адамдардын жүрөгүн текшерчү. Ата-энем эрте үйлөнүп, биз дагы ата-энебиз менен чогуу эле өстүк десек болот. Менин агам Нурланды 20 жашында, мени 22 жашында көргөн. 20 менен 22 жаш анчалык деле чоӊ курак эмес. Ата-энебиздин бизге болгон камкордугу, милдети, жүгү, тарбиясы аябай зор болгон экен. Туура тарбия бергендери үчүн туура багытка кеттикпи деп ойлойм. Ата-энебизге рахмат, өзгөчө апам энелик мээрими менен жан дүйнөсүнө баарыбызды батырып, калкалап жүрчү. Атабыз дайыма сырттагы жумуштардан колу бошобой, көбүнчө командировкада болуп калчу. Менин адам болуп калыптанышыма энемдин эмгеги чоӊ. Жумгалдын айланасынан сыртка деле чыккан эмеспиз, Бишкекке деле көп келчү эмесмин. Биринчи жолу Бишкекке колумдан жетелеп келип, университеттин босогосун аттатып, окууга өтүшүмө түрткү болду. Кесипти туура тандашыма жардам берди. Өзүм сүрөттү жакшы тартчумун, көркөм дүйнөнү кабыл алууда сезимдерим күчтүү өнүккөн, кийин байкасам ошол сезимдерим энемде көп экен. Өзү  медик болгондуктан, саламаттыгыбыздын чыӊ болушуна кам көрүп, оорутпаганга аракет кылчу. Ошондуктан, бала кезде көп ооруган жокпуз. Адамдар менен болгон этика-эстетикалык мамилебиз дагы апамдан алган тарбиябыз деп билем. Апам тууралуу айтып отурсам сөз түгөнбөйт.

— Сыртка көп чыккан жокмун деп айтып калбадыӊызбы, апаӊызды сагынган күндөрүӊүз көп болсо керек?

-Биринчи курста окуп жүргөндө айылга баргым келе берчү. Айылдын нанын жеп, эненин колунан чай ичкенге не жетсин. Ал кезде союз дагы чачырай элек кез экен. Болгону 14 рубль менен айылга барып келчүмүн. Кандай мүмкүнчүлүк болсо эле айылга апама шашчумун. Студент болуп окуп жүргөндө группалаштарымды байкасам кошумча акча табуу үчүн ар кандай жумуштардан иштешчү. Мен дагы кызыгып жумуш издеп чыксам аялдамада жарнама турат, анда “кыргызча текст окуп, акча тапсаӊар болот” деп жазылуу экен. Мага аябай кызык болду, дарегин издеп барсам университеттен кийинки эле көчө экен. Ошол жерде “Көзү азиздердин” коомдук уюму иштеп жатыптыр, студиянын даамын биринчи ошол жерден таттым. Ал кезде Советтер союзу, майыптарга ушунчалык колдоо көрсөтүп чоӊ-чоӊ акчаларды бөлүп, мүмкүн болушунча чоӊ муктаждыктар чечилип турган уюм экендигин билдим. Ал жерде негизги иш, кадимкидей эле биздин “Сынган Кылыч”, “Кел-кел”, “Телегей” ж.б адабий чыгармаларды лентага жазып, анан көзү азиздер шашпай эс ала турган убакта уга тургандай кылып түзчүбүз. Бала кезде адабий китептерди көп окучумун. Ошондо эле дикциям калыптанып калган экен. Себеби, ал кезде сыймыктанып көргөн каналыбыз “Кыргыз телевидениеси” саат 6да башталып, кайра кечки саат 11де бүтчү. Ошондо Жолдубай Кайыпов эфирге чыкканда, кандайча телевизордун астына келип калганыбызды байкабай калчубуз. Ар бир мимикасына, дикциясына көӊүл бөлүп ушул адамдын деӊгээлине жетсем деген тилек менен купуя аракет кылып, эч кимге билгизбей даярданып жүргөнүмдүн акыбети кайтып, студияга кирип окусам эле дикциямды жактырышып жумушка кабыл алып калышты. Жумасына 3 жолу келем, бир сааттан текст окуйм, бир жумада 30, бир айда 120рубль табам. Колума акча тийсе эле ыӊгайын таап айылга жөнөчүмүн. Ата-энем болсо түшүнбөйт, диплому жок кантип жумушка кирдиӊ дешип. Такып сурап “сен, ушул шалмандарга кошулуп, жаман акча тапкан жоксуӊбу”-деп, аркамдан иликтегенге чейин аракет кылышты. Союз тараганга чейин “Көзү азиздер” коомунда иштедим. 1991-жылы союз чачырап жумуш да токтоду. Мен 3 күн иштесем калган күндөрү кыргыз радиосунун белгилүү диктору Зулпукор Абдубачаев деген киши иштечү экен. Бир күнү мени ордума окуп турсун деп жетекчиликке  дайындап кетиптир. Бир жума бүткөндөн кийин текстти окуп бүтүп чыгып бара жатсам кара шляпа, кара плашь кийген арыкчырай, кара-тору келген зыӊгыраган киши кирип келди. Учурашып коюп кетип баратсам аркаман “Ай, Нурдин сенсиӊби”-дейт, “ооба”-десем -“Зулпукор байкеӊ мен болом, жүрү айылдан келдим, даам ооз тийгенче кобурашалы”-деп чакырды. Ошол жерден диктор экенин, Даркүл Күйүкованын баласы экенин билдим. Бала кезде 5 сомдук радио бар болчу, ошондон улам Зулпукор Абдубачаевдин ким экенин билчүмүн. Үнүнүн тембри, дикциясы жакчу. Агай, “сен, кийинки жума радиого кел, эркек бала керек болуп жатты эле. Сенин окугандарыӊды угуп жатам, жарайт”-деди. Студияга кирсек балдардын жомогун жазып жатышыптыр, ошонун ортосундагы алып баруучунун тексттерин окудум. Ал жерде аксакалдар жана бир топ таланттуу мен угуп эле жүргөн кишилер отурушкан экен, арасында актёрлор да бар, сүрдөгөнүмдү айтпаӊыз. Студия башталды, окудум. Көрсө баары теӊ ар башкача жаныбарлардын ролун алышыптыр, баштаганда эле баягы чоӊ кишилер коён, түлкү болуп кирсе болобу, көзүмө бир укмуштай эле көрүндү. Ошентип, бир сааттан кийин бүттү. Бегимай Жайчиева, Күнболот Досумбаев, радиодо иштеген бир топ ага-эжелерибиз экен. Ошентип, биринчи курстан эле радиодо иштеп баштагам, ортодон телевидениеге кызыгып конкурс менен өтүп кеттим. 84-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатам.  Телвидениеге бала кезимден бери аралашып калдым. “Кышын кынагандардын катарындамын”-деп мактана албайм, бирок кайсыл бир деӊгээлде салымым бар. Мисалы, 2 адам болуп экрандан кино, же кайсыл бир көрсөтүү көрүп жатсак, жанымдагы адам жөн эле маалымат алышы мүмкүн. Мен болсо автоматтык түрдө телевидениенин арт жагындагы иш процессине  кирип кетем, ошол жактагы ишине сынчы болуп калат экенсиӊ. Кээде капаланып отуруп, бир топтон кийин окуя кандай болуп бүткөнүн да түшүнбөй калам. Бул нерсе өзүмдү жумушка абдан арнап салганымдан улам болсо керек. Телевидениеден тапкан пайдам ошол.

-Үй-бүлөӊүз жөнүндө сөз кылалы…

-Келинчегим менен таанышканда мен 16, келинчегим 15 жашта болчу. Ошондон бери жетелешип келе жатабыз. Кесиби мугалим, эки кызыбыз бар. Ата үчүн кыздан өткөн бакыт жок экен. Кыздарымдын мага кылган мамилесин, мээримин көрүп “кичине эркек балалуу болбой калдым”-деп калчу элем, азыр анын бири жок. Кыздарымдын келечеги кеӊ болсун.

-Жубайыӊыз журналисттик кесипти тандаганыӊызда эч нерсе деген эмес беле?

-Жубайыма тескерисинче экрандан бакылдап-какылдан турганым жагат. Көптөн бери эфирге чыксаӊ жакшы болот эле деген сыяктуу мамилесин сезем. Мен айтып калам ден соолук керек деп.

-Учурда жол куруп берип жатыптырсыз, бул сиздин максаттарыӊыздын бири болсо керек…

-Негизи журналисттик кесиптен тышкары коом менен дагы тыгыз байланышканга аракет кылам. Коомдук уюмдарды ачып, 2000-жылы Эркинбек Матыевдин атынан фонд түзгөнбүз. Ошол адамдын жаркын элесине арнап хокей турнирин айылдык деӊгээлде өткөзүп баштадык.  Бир күнү эмнеге айылдын деӊгээлинен чыкпашыбыз керек, өзүм телевидениеде иштесем деп, балдар менен кеӊешип эки командага эки башка форма тиктирели деп чечтик. Оюнга тиешелүү боёкторду издесек жок экен, анда мамлекетибизде товар айлантуу жакшы өнүкпөй жаткан. Анан 10 кызыл каска таап келишти, түнү менен бешин кызылга, бешин көккө кадимки боёк менен боёп чыктык. Ошентип форма дайын болгондон кийин, чегин дагы  кадимкидей эле сокмо кылып уруп чыгалы дедик, хокейдин чектик дубалы жасалды. Камерам менен оператор ала барып биринчи жолу эфирге тартып бердик. Республиканын коомчулугу түшүнбөй калышкан, анткени ал кезде хокей деген түшүнүк жок эле. Анан “саяктар жөн жүрбөйсүӊөр”-деген ар кандай тамашаларды уктук. Бирок, ошентип жүрүп хокей бүгүнкү күндө кандай деӊгээлге жетти, ошол башатын биз баштаганбыз. Былтыр хокейдин 20 жылдыгына уюштуруучулар деп чакырышыптыр айылга барып калдым. Чынын айтсам айылдагы балдар менен мамиле үзүлүп калыптыр. Окууну бүтүп шаарда эле болдум, айылдагы үйдү сатып жибергенбиз. 20-30 жылдан кийин Кара –Жээкте балдар менен тамактанып калдым. Бала кезде менин огородум, анан эле парк болчу. Парктагы бак-дарактын жыштыгынан ичиндеги киши көрүнчү эмес. Келе жатып карасам түп орду менен жок. Классташтарга айтсам “ушинтип жатканына 20 жылдан ашты, ичине таштанды толгон, азыр кардан дагы анча көрбөй жатпайсыӊбы, жазында келсеӊ бир укмуш” дешет. 4 гектардай жер, кадимкидей бир кызыктай болдум. Кайра хокейге келдик, бир балабыздын туулган күнү экен, ал жактан кетирбей бала кезде чоӊойгон балдардын баары чогулду. Тамашалап “кандай уяты жок эмесиӊер”-десем эле чочуп кетишти. Ушул паркта баарыбыз өсүп  чоӊойбодук беле, эми карачы кантет. “Эмне кылалы”-дешет, ар бирибиз кайрадан түптөйлү, апрелде келем дедим. Карасам баары эле макул болушту. Ошону менен былтыр тегерегин тостук, организациялар да жардам беришти. Айнектин сыныгынан эле төрт машина алып чыктык, элестетиӊиз эмне деген жайга айланып калган. Айланта тосуп, алма, өрүк тигип койдук. Учурда, кадимки парк кебетесине келди. Балдардын баарынын көздөрүнөн жалын чачырайт, анан ушундай демилгени жөн койбойлу деп башыбызды бириктирип “Кара-Жээк Чаек” деген коомдук фонд түздүк. Быйыл Чаектен кийинки Беш-Терек деген айылдын жолдорун оӊдойлу деп балдарга сунуштасам баары эле макул экен. Карасак 4 киллометрге жакын жол болот экен. Элге рахмат! Идеяга жана жумушка суусап калышыптыр. Андан тышкары Чаек — Беш-Терек — Кызыл Жылдыз айылдарын айлана турган маршруттук каттам жүргүзүп жатабыз. Буюрса сентябрдан баштап ишке кирет. Пенсиядагы кары-картаӊдарга жана окуучуларга бекер болсун деп сунуштадык, учурда айылдык депутаттар бул маселени караштырып жатышат.

Гүлжан Жоомартбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *