Тоюӊузду тойканада эмес, төкмөлөрдүн төрүндө өткөрүӊүз

“Айтыш” коомдук фондунун жетекчиси, төкмө акын Асылбек Маратов

— Сизди төкмө акын катары билебиз, негизи кайсыл кесиптин ээсисиз?

-Негизги кесибим өнөр. Айтышка 15 жашымда күү чертип келгем. 2005-жылы Арстанбек атабыздын 180 жылдыгына комуз чертип берсем, “Айтыш” коомдук фонду мага комуз белек кылып, аны Элмирбек Иманалиев тапшырган. Айтыш бүткөндөн кийин кадимки залкарлар Эстебес Турсуналиевдин, Төлөгөн Касымбековдун, Балбай Алагушовдун батасын алгам. Ошондон бери “Айтыш” фондунда төкмө акындар мектебинен сабак алып, аздыр-көптүр жамактатып ырдап, эл аралык, Республикалык айтыштарга аралашып келе жатам.

-Жакында залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына, мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган 13-эл аралык айтыш өтпөдүбү. Айтышты сындагандар да, алкагандар да болду, кандай деӊгээлде өттү?

-Айтыштын тандоо туру 20-августа КТРКнын залында өттү. Кыргызстандан жалпы 46 акын катышты. Бизде жобо жок, 7 жаштан баштап жаш-карысына чейин катыша берет, эшигибиз дайым ачык. Тандоо турунан 8 акын тандалып алынып, 30-31-августта улуттук филармонияда чоӊ айтыш болуп өттү. Жогорку деӊгээлде болду, баш байгени Жеӊишбек Жумакадыр агабыз алды. Биз дагы казактардын, экиден алтын домбура уткан, бир жылда 12 баш байге алган, күчтүү мен-мен деген акындарын чакырдык. Артыбыздан жол улап келе жаткан жаштар бар экен, казактар менен теӊ тайлаша айтышып, кыргыздын намысына жарап, уят кылышкан жок. Ичкилик кыргыздардын обону менен, комузу жок айтышкан жаш акын балабыз Эламан Келдибеков 46 жолу баш байгени, 46 авто унааны багындырган казак акыны Айнур Турсунбаева менен жакшы айтыш куруп берди. Андан кийин Шайлообек Отунчиев деген 18 жаштагы жаш акын балабыз биринчи жолу айтышка катышып, 46 акындын ичинен 8 акындын бири болуп тандоо турунан өтүп кетти. Казактар менен айтышып жакшы ийгиликтерди көрсөттү. Жалпы жонунан айтыш өтө ийгиликтүү өттү десек болот. Эл дагы айтышты сагынып калган экен, зал толо келип беришти. Аягы филармонияда билет калбай, 200 дөй киши артка кеткенге мажбур болуп калышты. Байге фонду 2 миллион сомду түздү. Казактарды жакшы тостук, жакшы узаттык. Ушундай айтыштар жыл сайын, ай сайын болуп турууга тийиш. Анткени, күрөштө  деле мелдештер болуп турбаса спортсмен өспөйт да, ошол сыяктуу акындар арасында дагы кароо-сынактар көп болуп турса акындардын өсүшүнө жол ачылмак.

-Акындык өнөргө 15 жашымдан келип калдым деп айтпадыӊызбы, балачагыӊыздан акындык өнөргө шыктуу белеӊиз, же ата-тегиӊизде ушул өнөрдү аркалагандар бар беле?

-“Аккан арыктан суу агат”-деп коёт эмеспи, кыргызда жети атасын билүү деген  жакшы салтыбыз бар. Мен жети атамды санай келсем кадимки залкар, олуя, акын Арстанбек Буйлаш уулу бешинчи атам болуп калат. Ошол кишинин урпагымын деп сыймыктанып айтып калам. Балким ошол кишиден калгандыр, эл болгондон кийин өнөр деген түгөнбөй чыга берет экен. Анткени, союздун маалында акыркы манасчы, төкмө акын, гений, актёр, композитор деген наамдарды берип жүрүп, акыркы дегенге көнүп калганбыз. Уучубуз кур эмес экен, кечээ күнү айтышка 46 акын келди. Анын ичинен дагы жакшысы-жаманы бар дегендей. Эл болгондон кийин бүгүнкү күндүн Токтогулу, бүгүнкү күндүн Жеӊижогу чыгат экен. Аздыр-көптүр бала кезден өнөр жаатына аралашып келе жатабыз. Кээде мүдүрүлөбүз, чалынабыз, бирде ийгиликтүү айтышабыз, бирде жыгылабыз дегендей.

-Айтыш өнөрү өткөн жылдарга салыштырмалуу кандай айырмачылыктарга туш болду?

-Айтыш илгертен бери келе жаткан өнөр. Заманга, кырдаалга жараша акындардын деӊгээлиндеги өзгөчөлүктөр болбосо, илгерки нерселерден көп деле айрмачылык жок. Эӊ негизги айырмачылык алар залкарлар болгон, “Залкарлар” айтышын кылышкан. Азыркылар жаӊы айтыш, жаӊы кыргыз деген сыяктуу айтыштарды өткөрүп калабыз. Заман өткөн сайын талант майдалана бере деп ойлоп калам. Илгери китеп окубай, кат тааныбай эле Арстанбек, Жеӊи жок, Токтогул, Чоӊду, Эшманбет, Коргоол, Алымкул деген не бир залкарлар өткөн. Кудайдан тубаса талант берилген экен. Убакыт өткөн сайын аз чыгып, аз чыкса да саз чыгып калат окшойт. Бирок, айтыш өнөрүнүн өсүшү үчүн, акындарга чоӊ талаптарды коюш керек. Акындарга эӊ негизгиси элден колдоо керек. Акындардын өсүшүнө себеп болгон биринчи мамлекет болду, майда байлар, демөөрчүлөр көп чыгып, жума сайын айтыш өтүп жатып бир топ акындар такшалышты. Азыркы кыйын акындарыбыз ким?-дегенде  манжабыздын учу менен эле санап калабыз. Казак акындарынан мыктылары деп 40-50нү санай алсак болот. Бизде бир жылда бир айтыш өтөт, ага да сарамжалдуу пайдаланып 10-15 мүнөттөн убакыт берилет. Ошол маалда дагы акындардын маанайына, табына жараша айтыш болуп калат экен. Айына болуп турса жаӊылганы кийинкисине тажрыйба болуп, мындай кылбайлы деп өсүү жолуна түшөт эле. Буюрса “Айтыш” коомдук фонду айтышты көбүрөөк өткөрүп туралы деген идея сунуштап жатабыз. Чакан айтыштар кудай буюрса октябрдан башталат. Эл аралык, Республикалык деӊгээлдеги айтыштарды өткөрүп, намысты коргой турган жаштарыбызды көбөйтөлү деген жакшы ниеттерибиз бар.

-Сөздүн уйкаштыгын кырдаалга жараша даярдап турбаса жеӊилүүгө алып келет эмеспи, биздин акындардын бул жагынан даярдыгы кандай?

-Акындардын даярдыгы “алдын ала айтыш болгону жатат”-деп айтылганда, темасына жараша ой толгоп, даярдык көрөт. Баардыгы андай маселеге даяр. Бир гана маселе, биздин төкмө акындарга тажрыйба жетишпейт. Сынактарга көп чыгып, көп айтышып жаӊылып көргөн эмес. Албетте, жаӊылбайт да бир жылда бир жолу айтыш болсо. Акын деген күндө жаӊылып, күндө оӊолуп турушу керек.

-Төкмөлүк өнөрдүн чыгармачылык сапаты тууралуу да айта кетсеӊиз…

-Мисалы, Арстанбек аталарыбыз төкмө да, олуя да болгон, андан сырткары 500 күүнү черткен экен. Токтогул атабыз комузчу, дастанчы, төкмө, ырчы, актёр болгон. Токтогул атабызды ошон үчүн “төрт аягы төп жорго”-деп, коюшат эмеспи. Барган жеринде  күн баткандан таӊ атканча ырдатышчу экен.  Осмонкул атабыз “Ай балдар, Секетбай күйгөн ырлардан да ырдай жүргүлө, кара жамагыӊарды эл ашып кетсе аш-бышым угар, башка чыгармачылыгыӊарды көрсөтүшүӊөр керек, эл элирмей”-деп акыл-насаатын айтып калчу экен. Учурда төкмө акын, төкмө акын эле, көп чыгармачылыктарын көрбөй жатабыз. Чоӊ акындарыбыздан Элмирбек Иманалиевди обончулук, актёрлук, манасчылык, жазмалык, поезия жаатында да аралашкан “төрт аягы төп акын”-деп айта алабыз. Биздин курактагы акындар үнү жакшы комузу начар, комузу жакшы үнү начар, бири үнү жакшы сөзү начар, бири комузу, сөзү жакшы үнү келбей калат, ушул сыяктуу төкмө акындардын өзүнө тиешелүү маселелери көп. Бир учурда  ырдап дагы, комуз чертип дагы, төгүп жаткан ситуацияны сезип дагы, атаандаш менен айтышып жооп берип, кайра суроо салып турган, актёрлук өнөрдү да талап кылган өнөр. Бул өнөрдө чоӊ эмгек талап кылынат. Эл тараза, эл сынчы дейт эл менен биргеликте кандай акындар суурулуп чыгат, кудай бурюса эл менен чогуу билебиз деген ниеттебиз.

-Жакында эне тилибиздин 30 жылдыгы белгиленгени турат, акындык өнөр кыргыз тилин аздектеп келген өнөрлөрдүн бири, кыргыз тили күнүнө карата акындар тарабынан  иш-чара өткөзүлгөнү жатабы?

-Жакында тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата уюштурулган айтыш өттү. Дагы да 18-сентябрда боло турган иш-чараларыбыз бар. Филармонияда “Төкмө келсе төр бошот” деген концерт өтөт. Ошол жактан да тил жөнүндө айтылат. Кыргыз тилибиздин кагаз бетиндеги мыйзамына эле отуз жыл болгон экен, болбосо отуз кылымдан бери келе жаткан тил. Элүү жылда эл жаӊы дегендей, эл жаӊырган сайын тил да жаӊырып турат экен. Өтмө мааниси көп сөздөрүбүздү жоготтук, көп тилдерди сиӊирдик. Өзүбүз дагы жерип жатабыз бул сөз арабдын, түрктүн сөзү кыргыздыкы эмес деп. Акындар тилге жакшы салым кошуп жатат. Анткени, тилди эмне өстүрөт? кимден тил үйрөнөбүз?-десеӊиздер, манасчылардан, төкмө акындардан, дастанчылардан, жазма акындардан, жазуучулардан үйрөнөбүз. Тил маселеси азыр өтө оор болуп турган маал. Өткөндө айтышта акындар айтып кетишти, “тил маселесин партадан баштабасак,  парламентке барганда кеч болуп калат”-деп. Ошондуктан,  тилди бала бакчадан, мектептен, эӊ негизгиси үй-бүлөдөн үйрөнүү керек. Патриот болсоӊ эӊ биринчи тилиӊе, маданиятыӊа, каада-салтыӊа, жериӊе, гениӊе күйүшүӊ керек. Тили жоголуп, канчалаган улуттар жоголду. Бирок, кыргыз эли азыркыга чейин тилин жоготпой кайра жандантып келе жатканы кубандырат. Мына “9-сентябрь комуз күнү”-деп белгиленгени да жакшы жышаан. Жапа тырмак коом өзүбүз аракет кылбасак, не бир сонун сөздөрүбүздү алмаштырып калдык. Жердин баарында англисче дүкөндөр көбөйүп кетти, кыргызча аталган биз билген “Жаӊыбайдын жаӊы самсысы” менен “Шайлообектин бешбармагы” болуп калды. Көчөдөгү жарнак-көрнөктүн баарын кыргызча аталыш менен жазышыбыз керек. Келечек муунга ошентип сиӊиртпесек, кийин кеч болуп калат. Анткени, жаӊыдан тамга таанып баштаганда, балдарды жетелеп чыгып калсаӊ муундап окуп баштайт эмеспи, ошондо кыргыз аттарын, кыргыз жазууларын окуш керек.

-Айтышты дагы кантип өнүктүрсө болот?

-Кудайга шүгүр 90-жылдарга салыштырмалуу акындар жакшы эле өстү. Азыр кыргыз төкмө акындары табында турат деп айтсак жаӊылышпайбыз. “Айтыш” коомдук фонду жок дегенде эки айда бир, же бир айда бир жолу чакан айтыштарды кылып туралы деп жатабыз. Сахна төрүнө чыгып элге айтыш курган сайын акындар да өсөт. Акындар өссө кыргыз тили дагы өсөт деп ойлойм.

-Айтыш бат-баттан болуш үчүн акындарга стимул болуш керек, стимул болуш үчүн материалдык колдоо керек. Материалдык базаны кандай карайсыӊар, же демөөрчү караштырасыӊарбы?

-Акындардын социалдык жагын да ойлоп, башка жумуш кылдырбашыбыз керек. Бир гана айтыш акыны кылып, айтышты, акындык өнөрдү гана билиши керек. Ал акын барып бир жерде тамада, бир жерге барып жалданып иштеп, мугалим болуп убактысын коротпошу керек. Бир гана айтыш өнөрүнө башын сайып, айтыш жолунда жүрүп айтышты мындан ары да өстүрүшү керек. Бизде бир жылда бир жолу айтыш болот, ар бири өз тирлиги, кызматы  менен жүрөт дагы,  бир жылда бир келип айтышат. Акындык өнөрдө дагы спорт сыяктуу күнүгө иштеши керек. Бир жыл мээ башка жакта жүрүп айтышканда эл күткөндөй жакшы айтыштар болбой калат. Ошондуктан, демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Учурдан пайдаланып айта кетейин, демөөрчүлөр болсо эшигибиз сиздер үчүн ачык. Ай сайын өткөзө бериӊиздер! Өткөндө айтыш күнү Садык Шер-Нияз агайыбыз “Быйыл менин 50 жылдыгым, мен той өткөрбөй залкарларга арнап  айтыш өткөргөнү жатам. Менин тоюм ушул, мындан ары той берем дегендер мага келгиле, ушундай той өткөрөлү”-деп жакшы айтты. Эл да аябай сүйүнүп колдоду. Анын сыӊарындай ресторанда 350 кишини тоспой, байге коюп айтыш өткөрүп койсо айтыш өнөрүнө, элге дагы жакшы болот эле.

Акындык өнөрдү гана аркалаш керек деген ой пикирди канча убакытта ишке ашыра аласыздар?

Мамлекет тыйынын бөлүп, иш планын берип мынча айда ишке ашырасыӊар десе ишке ашырмакпыз. Биздики азырынча жеке фонд, бирок демөөрчүлөр болсо ишке ашыра алабыз деп ойлойм.

-Сиз үчүн комуздун касиети кандай?

-Бул суроого жоопту устатым Аалы Туткучев айткан “Акынга комуз дем берет, андан соӊ демди эл берет”-деп. Өзүмдү комузсуз элестете албайм. Бизди төкмө акын кылып турган нерсе бул комуз, жана эне тил. Комузду даӊазалоо максатында, комузчулардын кароо-сынактарын өткөрүп, көӊүл бөлүп туруш керек. Албетте, аспаптарыбыз көп бирок, дүйнөгө кыргызды тааныткан аспап, бул комуз эмеспи. Согушубуз менен мактанбай комузубуз менен мактана турган элбиз.

Рахмат, сиздей жаштарыбыз көп болсун!

Сиздерге да ийгилик, улуттук өнөрдүн баалуулуктарын даӊазалап жүрө бериӊиздер. Зоболоӊуздар зор болсун!

Даярдаган:

Гүлжан Жоомартбек кызы

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *