Тагдырыӊды махабат коргойт.

Учурдагы заманбап келиндин образы, дегеле биз жашап жаткан коомдогу аял кишинин оорду тууралуу көп эле талаш–тартыш кептер айтылып келет. Бири айтат ыймандуу, адамкерчиликтүү болуш үчүн, «хиджап» кийип чүмкөнүп, беш маал намаз окуп «муслима» болуш керек деп. Дагы бири батыштын кыз-келиндеринен калышпай, гендердик теӊчиликте жашап, күйөөмө чай куйбашым керек деген пикирде. Не дейбиз ар–кимдин өз чындыгы бар эмеспи. Биз кыргызбыз, кыргыз элинин тарыхында, аялдардын коомдогу орду өтө чоӊ болгон. Кыргыз эч качан аял кишини кемсинтип, басмырлап мамиле кылган эмес. Ошол эле учурда, асылзаада апаларыбыз жашоодогу өз ордуларын билишкен, жана өзүлөрүнө тиешелүү милдеттердин бардыгын так аткарышкан. Аткарып эле тим болбостон, кыз-келиндерине тарбия–таалимин мурас катары муундан-муунга өткөрүп келишкен. Демек, бизде эч качан гендердик теӊсиздик болгон эмес.

Анда дегеле заманбап келин кандай болушу керек…

Биздин бүгүнкү маектешибиз, төгөрөгү төп келген сулуу, тышкы эле келбети эмес жан–дүйнөсү чырайлуу, эрке келин, жароокер жар, мээримдүү эне, таланттуу дизайнер, Аксынын кызы Чүйдүн келини Аида Ян.

Кыргызcтанда айымдардын коомдогу орду тууралуу….

Менин оюмча, 20-кылым менен 21-кылым аралашып эле кеткендей. Алыс кетпей эле өзүмдү алсам, мен аябай эле активдүүмүн. Тескерисинче, түрдүү кордуктарды көрүп жашаган аялдар дагы бар. Ошол эле учурда, эркектерден кем калбай тарсылдап иштеп, баарын өздөштүрүп үй-бүлөсүн баккан айымдар дагы бар. Айымдардын жашоосу көбүнчө жолдошуна көз каранды деп ойлойм. Эгерде күйөөсү жакшы болсо, албетте кордук көрсөтүп ыйлатпайт. Ошондон улам, “келин жаман эмес, келген жери жаман”-деп айтылса керек.

Жеке өзүнүн үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду тууралуу….

Мисалы, өзүмдүн коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордумду калыптандырып алгам десем жаӊылышпайм. Коомго чыгыш үчүн үй-бүлөӊдүн, жолдошуӊдун колдоосу сөзсүз керек. Аялзатынын бактысы эркектин колунда эмеспи. Менин дагы бактым, ар–дайым колдоп турган жолдошум Чынгыздын колунда, ар–бир ийгилигим тагдыр мага тартуулаган сүйүктүү адамымдын эмгеги. Жолдошум мени аябай колдоп турат, бири-бирибизден эч качан эч нерсе жашырган эмеспиз. Балким менин ушул жагым сүйүктүүмө жакпашы мүмкүн, бирок мен каалаган нерсемди түптүз эле ага айтам. Ал эч качан «жок»- деп айткан эмес. Айтайын деп турса мен аны дароо эле сезем, ошого жараша өзүм эле тыянак чыгарып койом. Чынгыз мени колунан келишинче колдойт. Оор басырыктуу, болгондуктан өзүнүн катачылыктарынан улам үйрөнсүн деп ойлосо керек сыягы. Кээде жашоомдо катачылык кылып, мүдүрүлүп калган учурларым да болот. Ошол учурда ойлоп көрсөм жолдошумду укпай, акылын тыншабай калган болот экенмин. Демек, аялдардын коомдогу орду барган жерине жана күйөөсүнө көз каранды деген ойдомун. Жалпы жонунан учурда аялдардын коомдогу орду эркектердикине барабар болуп калгандай.

Ишкер айым катары коомдук иштерге активдүү катышуу ошол эле учурда баардыгына жетишип, үй-бүлөнү, кайын-журтту бирдей кароо жана ийгилигинин сыры тууралуу…

Чынын айтканда менин эртеӊ мененки турганымдан баштап, кечке чейинки кылган ишимди тасмага тартса, заманбап кыргыз аялынын жашоосу тууралуу сонун клип чыгат. Тургандан баштап эле күнүмдүк турмушка киришем. Баары таӊкы тамактануудан башталат. Анан кечке чуркамай, учурда жумуш орду менен сегиз кишини камсыз кылам. Ушул сегиз адамдын ырыскысын кудай мен аркылуу берип жатат деп ойлойм. Колумдан келишинче так жана жоопкерчиликтүү болууга аракет кылам. Анткени, алар дагы үй-бүлөсүн, бала-чакасын багышы керек. Ошол жоопкерчиликтин баары менин мойнумда тургандай сезилет. Ар дайым позитивдүү жүргөнгө аракет кылам. Жан дилим менен адамдарга жакшы энергия таратып жөнөкөй болгум келет. Ошондон уламбы коомдук иштерге элдер өздөрү чакырышат. Дос, аяштар арасында кечелерден да калбайм. Эмнегедир аларга дагы «мен бара албайм, кечиргиле»-деп айта албайм. Себеби, алардын маанайын бузгум келбейт. Ийгилигимдин сыры, коомчулук менен көп аралашып баарлашканда жана дайыма көӊүлдүү, юмор менен  жүргөнүмдө го деп ойлойм.

 Заманбап кийинип өзүн алып жүрүү жана стили тууралуу…

Ар бир эле аял заты сыяктуу менде деле түрлүү түйшүктөр ошого жараша сезимдер, каалоо-тилектер бар. Чынын айтканда менин ушул келбетим жолдошум үчүн, башка аялдарда кандай экенини билбейм, бирок мен жолдошум менден сулууларды карап кетпесин деп корком. Себеби, кыргыздын не деген  сулуу кыздары бар. Ар бир эле аял түгөйүнүн жалгызы, сүйүктүүсү, сулуусу болгусу келсе керек, же мен эле ошондой ойлоймунбу билбейм. Мен стилистер менен иштейпейм, эки жыл мурда Алла Пугачёванын визажисти келип атайын окуу өткөргөн. Ошол адамдан сабак алгам. Ал жөнөкөй эмес подиумга чыга турган кыздардын келбетин боёп жасалгалоону үйрөткөн мастер болчу. Базалык билим алып “визажист”-деген диплом алгам. Коомдук кечелерде активдүү катышам. Алардын баарына барыш үчүн келбетиӊе кам көрүшүӊ керек. Мунун баары канчалаган акчаларды талап кылат. Жазаныш үчүн жок дегенде 3миӊ сомуӊ болушу керек. Ошондон улам өзүм эле окуп алууну чечип, 3 ай окуп көп нерсени үйрөндүм.

Кайнене менен келиндин мамилеси тууралуу…

Мен өзүм түштүктүн Аксынын кызымын. Турмушка Чүйдүн Токмогуна чыккам. Жапжаш 17 жашымда турмушка чыккам. Азыр кайненем жашы өтүп жумшагыраак болуп калгандай. Ал кезде абдан өзүнө ишенген эрки күчтүү, кайраттуу аял болчу. Ошол кайненемдин болуп, толуп турган убагына туш болдум. Чынгыз экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрүп үйлөндүк. Сүйүү бул дүйнөнү сактайт жана тагдырыӊды махабат сактайт деген сөздөрдүн чындыгын мен өз жашоомдон улам сездим. Жаӊы келин болуп келгенде мамам (кайненем) жолдошума (ай, бул жапжаш кыз экен, муну кантип келин кылабыз? Бала эле бойдон тура, деген.) Сүйүүнүн күчүнөн улам мен мамама эч качан тентектик кылбайм деп убада берип жатпайынбы. Ошондон баштап эле мамамдын колундагы келинимин. Учурда мамилебиз абдан жакшы. ал киши үйдөгү тартипти жана тазалыкты өтө талап кылган адам. 17 жашымдан баштап өзүнүн ыгында тарбиялап алды. Башында ыйлап кыйналып жүргөн учурлар да болгон. Азыр болсо тескерисинче, ошол тарбияларына ыраазы болом. Көптү үйрөндүм. Азыркы келиндерге кулак кагыш. Кайненеӊерге кылган мамилеӊер келечекке кылган инвестицияӊар. Себеби, эртеӊ келиниӊен ошол мамилени сен дагы аласыӊ.

Жолдошу Чынгыз тууралуу…

Чынгыз жашоону абдан тереӊ түшүнгөн адам. Атадан эрте ажырагандыктан жашоонун оорчулугун эрте көргөн адам. Менин сулуулугум, турушум, аял катары кылган кызматым өмүрлүк жолдошум үчүн. Себеби, ал адам жакшы нерселерге татыктуу. Абдан акылдуу, жөнөкөй, эч качан көтөрүлбөйт. Чынгыз Кыргызстандагы алгачкы программистердин бири.

Кызганыч тууралуу…

Менин ушундай боёнуп, заманбап кийинип өзүмдү карап жүргөнүмдү көрүп “күйөөӊ кызганбайбы?”-деп көп сурашат. Балким кызганса да билгизбестир. Ал мага тескерисинче, “өзүӊдү карап жүр, сен татынакай болуп турушуӊ керек, ден соолугуӊа кам көр”-деп турат. Өзүнүн жеке баалоосу төмөн түшүп кеткен адам гана кызганат деген ойдо. Жеке жашоолорубузга сыйлоо менен мамиле кылуу, экөөбүздүн ортобузду толуктап турат. Мен деле кызганычтан улам анын жашоосуна чектөө киргизгим келбейт.

Балдары тууралуу…

Үч баланын ата-энесибиз. Чынгыз баласаак ата. Анын бир жакшы жери, уулдарын мага көрсөтпөй мен жокто тарбиялайт. Энелик жүрөгү оорубасын деп мени аяйт го. Балдарды тарбиялоодо мени дайым колдоп мамаӊарды уккула деп турат. Ошондуктан, жашообуздун маанилүү жана маӊыздуу болушу өзүбүзгө гана байланыштуу.

Самара Босумбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *