Окуучусу ийгиликке жеткен мугалимге айлыгынан 10 эсе көп сый акы берилет

Премьер буга чейин мугалимдердин айлыгы октябрдан тарта 30 пайызга көбөйөрүн билдирген болчу.

Өкмөт мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү үчүн резерв таба алды. «Мугалимдердин үмүтү иш жүзүндө акталбай калган 2011-жылдагы тажрыйбаны эске алуу менен маянаны көтөрүү механизмдери иштелип чыгууда. Муну менен катар премьер-министр окуучусу ийгиликке жеткен мугалимдерди сыйлоого каражат табууну тапшырган. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ою боюнча, бериле турган каражаттын көлөмү алчу айлыгынан 10 эсе көп болушу керек. Учурда деталдуу түрдө эсептелип жатат, андан кийин акыркы чечим кабыл алынат», — деп айтылат маалымат катчынын билдирүүсүндө.

«Премьер-министрдин жада калса алыскы райондордогу мектептерди интернет менен камсыздоо тапшырмасы дээрлик аткарылды. Жыйынтыгында бул чаралардын баары мектептерде мугалимдерге карата талаптарды күчөтүүгө жана ошону менен бирге мугалимдик кесипти кайрадан ардактуу кылууга жол ачат», — деди маалымат катчы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *