Салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышкан.

«Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер –министрдин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ бул майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.