Борбор калаада 11 гектар жерге жаңы сейил багы ачылат

Бишкек шаарында дагы бир жаңы сейил багы ачылат.

Жаңы сейил багы 11 гектар жерди ээлеп, анда шаардык скейтдром да болот. Эс алуучу жайды куруу иштери ушул жылдын күз айларынан башталды. 120 орун үчүн унаа токтотуучу жайы, 150дөн ашык отургучтар жана тротуар менен кошо велосипед тебүүчүлөр үчүн 1660 метр жол курулат. Сейил бак Түлөбердиев менен Көкчө-Тоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерге салынууда.

Сейил бакты куруу жана буга жакын жерлерди асфальттоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин бүтүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *