Бишкектеги транспорттордо электрондук билеттер кабыл алынат

2020-жылдын февралынан тарта маршруткаларда дагы окуучулар үчүн электрондук билет системасы иштей баштайт.

 20-сентябрдан тарта Бишкектеги 10 троллейбус менен 10 автобус сынамык иретинде электрондук билет системасына өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мектеп окуучуларына өзүнүн аты-жөнү жазылган карталар берилет.

«Чоң адамдар 20-сентябрдан тарта бул кызматты колдоно баштаса, окуучуларга электрондук билет октябрь, ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруткаларда дагы ушул система иштей баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми картаныкы 50 сом. Эгерде карта жоголуп же жараксыз болуп калса эски картаны жокко чыгарып, жаңысын алууга болот.

Андыктан Бишкек мэриясы ата-энелерди балдардын маалыматтарын топтоп жатканда ага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Карта алуу үчүн эмне керек:

1. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (смартфонго деле тартса болот. Башкысы сүрөт сапаттуу жана аркы фону ак болушу кажет).2. Сүрөттү сактаганда ылдый жагына окуучунун аты-жөнүн, туулган жылын жана окуган мектебин жазуу керек.

3. Маалыматтарды мектептин администрациясына берүү зарыл.

4. Жеке маалыматтарды берип жатканы боюнча келишимге кол коюу керек.

5. Өспүрүм тууралуу маалымат мектептердин маалымат базасында сакталат.

Эске салсак, Бишкектеги коомдук транспортто электрондук билет системасын ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын BPC компаниясы утуп алган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *