Месси бирге тамактанууга чакырган Роналдого жооп берди

УЕФАнын сыйлык тапшыруу аземинде Криштиану Роналду Лионель Месси менен бирге тамактангысы келерин айткан.  Буга аргентиналык футболчу жооп берди.

«Роналду менен чогуу тамактанууга эмнеге болбосун? Биздин ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Биз жакын достордон болбосок дагы, кээ бир футболдук иш-чараларда чогуу болуп калабыз. Алсак, акыркы жолугушууда көпкө чейин сүйлөштүк.

Чогуу тамактанабызбы билбейм, ар бирибиздин өз иштерибиз көп болуп калат. Бирок Роналду чакырып калса, албетте, макул болмокмун«, — деди Месси.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *