Түшкү уйку жүрөк-тамыр оорусунун коркунучун азайтат

Швейцариялык адистер 35-75 жаш аралыгындагы 3500 кишинин уйку көнүмүштөрү, жалпы саламаттык абалы жана жашоо ыкмаларын 8 жылдай иликтеди.

 

Швейцарияда жасалган изилдөө кыска мөөнөттүү түшкү уйкунун жүрөк-тамыр ооруларынын коркунучун азайтканын аныктады.

 

Изилдөөдө жетиштүү уктабоо саламаттык абалы жагынан коркунучтарды жаратканы, күндүзгүсүн кыска уктап алуунун жүрөккө пайдалуу болгону көрүндү.

Катышуучулардын жарымынан көбүнүн түштө уктоо көнүмүшү болбогонун, 667нин күндүз бир же эки жолу, 411нин үч же беш жолу, 370нин болсо 6-7 жолу түштө уктап алганы белгиледи.

Кыска мөөнөткө күндүз уктап алуунун стресстен кутулууну жана жетишсиз түнкү уйкуну тең салмактоону камсыздап жүрөктү коргогону баса белгиленди.

АКШ ооруну текшерүү жана алдын алуу борборуна караганда жетишсиз уктоо, диабет, семирүү, кан басымынын артышы, шал болуу, жүрөк оорулары жана аң-сезимдеги тынчсыздануулар үчүн коркунуч жаратууда.

Адистер айрыкча күндүз сергек болуп жакшы иштөө үчүн 20 мүнөттүк түшкү уйкунун жетиштүү экенин аныкташты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *