Алмазбек Акматалиев: “Депутаттар КОЙ болсо, ал КОЙлорду ким шайлады?..”

Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев социалдык баракчасына пост жазды. Анда ал “а дейбиз, бу дейбиз, аларды биз шайлап атабыз! Өзүбүз шайлап алып анан кайра ат коюп. Шайланып атканда УРМАТТУУ, шайлангандан кийин КОЙ болуп калабы?” деп суроо койгон.

“Депутаттарды го койлор деппиз! Мейли дейли…, алар таарынабы, жокпу, туурабы, туура эмесспи, ал башка кеп!
Эми, ал койлор, анда, шайланып келип жатпайбы! Аларды БИЗ шайлап жаткан жокпузбу? Койлорду депутат кылып шайлап, аларды багып, алар чыгарган мыйзамдар менен жашап жүргөн, анда БИЗ кимбиз деген суроого жооп бербейлиби?
Жооп кичине чатагыраак болуп калат го, кыясы… Ошол үчүн чимкирик, мал, кой, эчки деп аларга ат коёрдун алдында, алар кайдан келишти, аларды КИМ шайлады деген суроо да бар экенин унутпайлы! Ошол койлордун атасы да, энеси да биз экенибизди унутпайлы”, -дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *