Мас абалдагы айдоочуга 50миң сомдон ашык айып пул салуу сунушталды

Спирт ичимдиктерин  ичип унаа башкарган айдоочулардын айып пулун 50-60 миң сомго чейин көтөрүү керек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу коопсуз шаар долбоору тууралуу жыйында билдирди.

“17 миң сом айып пул ичимдик ичип унаа айдап кармалгандар үчүн аздык кылат. Мас айдоочулардын кесепетинен канчалаган адамдар өлүп, оор абалга түшүп, ден соолугунан ажырап калган учурлар болууда”,- деп билдирди депутат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *