Кыргызстан КП БКнын катчысы, легендарлуу парламенттин төрагасы, учурдагы коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов агайыбызды мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын утурлай атайын студияга чакырып кепке тарткан элек.

– Медеткан Шеримкулович, мындан 30 жыл мурун мамлекеттик тил тууралуу Кыргыз ССРинин мыйзамын кабыл алуу боюнча чоң бир тарыхый процесстердин башында турдуңуз. Ошол зор үмүт, тилек менен коштолгон ишке кыскача токтолуп өтсөңүз…

– 1985-жылдан баштап ошол мезгилдеги Советтер Союзунда жаңыдан лидер болуп келген компартия жетекчилеринин саясатынын негизинде улуттарга жана улуттар аралык мамилелерге көбүрөөк көңүл бурула баштады. Советтер Союзунун курамына кирген бир катар республикаларда улуттук аң-сезим күч алып, өз тилин сактап калууга умтулуулар пайда болуп, ага шарттарды кеңейтүү талаптары коюла баштады. Ошол 1989-жылдын январь айында менин демилгем менен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросуна кыргыз тилине мамлекеттик деген статус берүү жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу сунушу берилди. Залкар жазуучубуз Ч.Т. Айтматов башында турган 30дан ашуун акын-жазуучулардан менин атыма бул сунушту колдогон кат түштү. Ушундай эле сунуштар коомчулуктун, көптөгөн мекеме уюмдардын атынан тынымсыз келип жатты. Ошол эле январь айында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү долбоорун даярдап чыгууга комиссия түзүлдү. Комиссия долбоорду 4 айдын ичинде коомчулуктун талкуусунда айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгып, 1989-жылдын 18- августунда гезит, журнал, радио-телевидение аркылуу элдик талкууга койдук. 1989-жылдын 22-23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталып, анда мыйзамдын долбоору талкууланды. Жыйындын башында бир сааттык баяндама жасадым. Эки күндүк талкуу өтө кызуу болду. 350 депутаттын арасында орусу да, кыргызы да, өзбеги да, башка улуттагысы да бар. Мыйзам долбооруна карата ар түркүн пикирлер айтылды. Анын ичинде каршы чыккандар да болду. Маселен, Ысык-Ата райкомунун биринчи катчысы Яровой “бул мыйзам долбоорун кабыл алууга азыр даяр эмеспиз, кийинки сессияга жылдыралы” деп сунуштаса, республиканын башкы прокурору Иванцов өзгөчө 8-статьяга карата каршылыгын билдирди. Анткени, бул статьяга ылайык республикадагы ар бир мекеменин жетекчилери, министрлер, ведомстволордун жетекчилери ээлеген кызмат ордуна жараша беш жылдын ичинде мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө тийиш эле. Кыскартып алганда, мыйзам долбоорун кабыл алуу республиканы көптөгөн дасыккан, тажрыйбалуу адистерден ажырап калуу коркунучуна алып келет деген каршы пикирлерин билдиришти. Эки күндүк талкуунун жыйынтыгында кайрадан корутунду баяндамамды жасадым. Добушка койгондо мыйзам бир добуштан кабыл алынды.

– Элдин зор үмүт, тилеги менен кабыл алынган мамлекеттик тил макамынын 30 жыл өтсө да кенемтеси толбой, бөксө тартып турушуна эмне себеп?

– Бизде мыйзамды кабыл алып жаткан мезгилде абдан бир келечектүү ойлор бар эле. 10 жылдын ичинде ошол мыйзамдагы статьялардын баарын толугу менен аткарып, кыргыз тилин жалаң эле байланыштын же билим берүүнүн тили эмес, кесиптик тил жана иш кагаздарынын тили кылабыз деген максат бар эле. Ага жетүү үчүн 10 жылга 500 000 000 рубль же ар бир жылга 50 000 000 рубль каралып, ал үмүт-тилегибизди конкреттүү иштер менен тастыктап баштаган болчубуз. Бирок, бир жарым жылдан кийин совет бийлиги ыдырап, республика экономикалык, социалдык, саясий оор абалга кептелип, анан албетте, тилге деп белгиленген жогорудагы каражат бөлүнбөй калды. Бирок, ошого карабай 1990-жылдары мен Жогорку Кеңештин төрагалыгына келип калган учурларда депутаттар тарабынан жыйындарды мамлекеттик тилде алып баруу талабы катуу коюлуп баштаган. Эгерде, биз 90-жылдардын башында, бул мыйзам жаңы кабыл алынган учурда экономикалык, социалдык, саясий кырдаалга байланыштуу тилди өнүктүрүүгө анчалык көңүл бура албай калсак, бүгүн 30 жылдан кийин дагы ар кайсы шылтоону айтып, тиги-бу кыйынчылыкка шылтоолоп, тилибизди өнүктүрө албай жатабыз дештин өзү – бул маселеге тайкы карагандык деп эсептейм. Советтер Союзунун убагында республикада улутчулдук күчөп кетпесин, андай тенденция байкалса, аны басыш керек деп бизди Москва карап турар эле. Ал түгүл бизде “ушул мыйзам долбоорун алып салгыла деген көрсөтмө келбейби?” деген коркунуч да бар эле. Азыр бизге андагыдай көрсөтмө берип турган Компартия, кылчактап карап турган Москва жок. 1991-жылдын 31-августунда кабыл алган Көз карандысыздык декларациясынын 1-статьясында Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жазылып турат. 2-статьясында Кыргыз Республикасынын территориясында жалаң гана Конституциясы иштейт, анын территориясы бирдиктүү жана бөлүнгүс деп турат. Эми мындан артык сөздүн кереги да жок. Бизге азыр “тилиңерди өнүктүрбөгүлө, бул туура эмес” деп көрсөтмө берген эч ким жок. Тилди өнүктүрүүгө республиканын канчалык финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүгү болсо, ошончолук деңгээлде каражат бөлүнүп жатат. Аны өнүктүрүүгө атайын ыйгарым укуктуу уюмдар иштеп жатат, ал аз келгенсип, эр-азаматтарыбыз коомдук уюмдарды түзүп алып, иш алып барып жатат. Коммерциялык тил үйрөтүү борборлорунда окутуу курстарын ачып жатышат. Бирок, ошонун баары деле аздык кылып жаткандай. Демек, кыргыз тилинин мамлекет ичинде, Кыргызстандагы элдердин арасында чыныгы достуктун, ынтымактын тилине айлануусу үчүн бул маселеге мамилени өзгөртүш керек. Бул маселе боюнча жүргүзүп жаткан саясаттын системасын өзгөртүш керек.

– Бүгүн тилди өнүктүрүүнүн кандай жолдорун сунуштаар элеңиз?

– Бизге ата-бабаларыбыздан улуу мурас болуп калган тилибиз – өтө бай, өзгөчө керемет тил. Биз ошол тилди дагы бир нерсе менен байытышыбыз керек. Бүгүн нанотехнологиянын заманы. Сырттан кирген терминдерди ошол түпкү тегинде колдонуу менен ааламдашуу процессинде агымдан артта калбашыбыз зарыл. Тил коммуникациянын куралы, ал байый жана өсө турган, жаңы түшүнүктөрдү өзүнүн курамына сиңирип кете турган жандуу процесс. Бизде коомчулукка өтө белгилүү, элибиз дайыма карап, угуп-көрүп турган нерсе – бул Жогорку Кеңештин жыйындары. Демек, биздин депутаттарыбыз сүйлөп жатканда кебинин грамматикасына, стилистикасына, адабий тилдин нормаларына ж.б. өзгөчө кылдат көңүл бурушу керек. Азыр кайда болбосун көп эле жыйындарда жетекчилер баяндамаларын жасайт да, айтып бүткөн сөзүн сөзсүз кайра орусча которуп айтышат. Мунун деги кимге зарылдыгы бар? Буга эмне муктаждык бар деп аргасыздан ойлойм. Кыргыз тилин сыйлап, аны республикада чыныгы мамлекеттик деңгээлге көтөрөбүз дей турган болсок, биринчиден, жетекчилерибиз баш болуп эч жакты кылчактап карабай, бардык нерсени кыргыз тилинде жүргүзө беришибиз керек. Экинчиден, мамлекеттик мекеме, ведомстволордогу иш кагаздарды толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүшүбүз керек. 30 жылдын ичинде кыргыз тилинин материалдык-техникалык базасы дээрлик түзүлүп калды. Алгач, кыргыздар өздөрү өз тилин жакшы билиш керек, балдарына, неберелерине үйрөтүш керек, андан соң Кыргызстанда жашап жаткан башка бардык улуттар өзүнүн ушул мамлекетте жашап, иштеп, ал берген бардык мүмкүндүктөрдөн, укуктардан пайдаланып жаткандыктан, ушул мамлекеттин тилин сыйлап, ушул элди сыйлап, ушул тилди билишим керек деген деңгээлге жетишибиз керек. Кыргызстандагы 70%дан ашык жарандар түпкүлүктүү эл. Бийлик башчысы, өкмөт, тилди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органыбыз, элибиз баш болуп баарылап мажбурлоосуз эле 5-10 жылдын ичинде кыргыз тилин жазуунун, карым-катнаштын тилине айлантып, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп кетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

-Убактыңызды бөлүп, атайын маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдирем. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

– Рахмат, Сиздерге да ийгилик каалайм!

Маектешкен Альфира Супатаева