Мирлан Жээнчороев: “Биз үчүн өлкөнүн ар бир сантиметри баалуу”

Чек ара маселеси эки мамлекеттин  мамилеси болгондон кийин  бир гана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек. Мындай пикирин Жогорку кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

“ Мамлекеттер аралык делимитация, демаркация боюнча комиссиябыз бар. Биз ошону изилдеп, бизде болгон документтерибизди, СССРдин жана Москвада болгон архивдер менен далилдеп, өз жерибизге таандык болгон жерлерди делимитация, демаркация менен толук болүшүп алгандан кийин чыр чатак токтойт.”-деди эл өкүлү.

“Биз мамлекет болгондон кийин, биз үчүн ар бир сантиметр абдан баалуу .Ошол себептен бул бир жылда чечилбеген маселе. Эгер эки мамлекет тең өзүнө жоопкерчиликти ала турган жетекчи болсо, анда түп тамыры менен чечкенге мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн биз дагы, алар дагы эпке келип  макулдашууга барышыбыз керек.”, -деп кошумчалады депутат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *