Жинден кантип сактануу керек?

Касиети күчтүү демчи, молдо, куучу, элдик дарыгер Туратбек

-Кыргызчылык касиети тууралуу айтып берсеӊиз, сиз бул касиетти качантан бери карманасыз?
-Кыргызчылык деген өзү, акка баш ийип кудайга моюн сунуу дегендик эмеспи. Адамдын башына кыйынчылык келип кыйналмайын моюн сунбайт экенбиз да. Мага негизи түшүмдөн аян берген. Түшүмдө эки аксакал келип каптал жагымдан бир нерсемди сууруп алып кетишкен, ошонун эртеси эле кыйналып баспай калгам. Ооруканага барсам же так диагноз коё алышпайт. Ошентип, алланын кудурети менен 7 күн уктабай калгам. Ал кезде “мечитке жүрү” деген дабадчы балдар жок болчу да. Өзүм эле ушул жума намазга барайын деп эптеп мечитке баргам. Анан алланын кудурети менен намазга жыгылып жатып жакшы болуп кеткем. Кийинчерээк дагы бир жолу катуу оорудум, көрсө биздин жамаатта жүргөн эле бирөө көрө албастыктан улам “Кара дуба” окутуп койгон экен. Ал адам мага келе жаткан касиетти алдын-ала билип көрө албастык кылган тура. Анда да 3 ай баспай калгам. Ага чейин мен дуба деген нерсеге ишенчү деле эмесмин. Бул жөн эле жомок деп койчумун. Шеримкул деген ата бар эле “Эй, балдар өлтүрүп койчу дуба, тирилтчү куран бар”. Баш ий, сени биздин арабыздан эле бирөө окуп койду”-деген. Алпамыш деген молдо бар экен, (кайтыш болуп калыптыр). Ошол адам айтып кетиптир “абайлагыла биздин жамаатта бирөө бир жаман амал үйрөнүп алыптыр”-деп.
-Табыпчылык, көзү ачыктык боюнча эмне айта аласыз?
-Кудай таалам ар бир адамга, ар кандай касиет берген да. Бирөө чөп дарылар, дагы бир дем салуу, кийинки бирөө айтып берүү жагы менен белгилүү болот эмеспи. Мени деле айтышкан сени бир чал окутуп салыптыр деп. Ошондон кийин анан чоӊ молдолорго дем салдырып чуркап баштагам. Бир Ат-Башылык молдо айтып койгон, кандай киши мени окутканын. Ооруп жүргөндө кудайга жалынып сурангам, мен ооругандай пенделерди оорутуп, азапка сала көрбө деп. Мен ооругандардын оорусуна себепчи болоюн дегем. Ошондон баштап касиеттим ойгоно баштаган.
-Жин чыгарып куучулукту аркалап келе жатканыӊызга канча убакыт болду?
-Куучулукту аркалаганыма 15 жылдын жүзү болду. Кыбыраган кырды ашат дейт. Буюрса жакшы жыйынтыктар бар. Ниет коюп, ак кызмат кылсаӊ, аян берилип сырдуу дүйнө ачыла берет экен.
-Мазарлардын касиети, сыйкыры тууралуу эмне дейт элеӊиз?
-Ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарда, ар бир мазардын өзүнчө касиети бар. Мисалы, Таластагы Манас ата мазары, соода жолун ачат, Манжыл атага бала сурагандар барат. Менин дагы жолум Манжыл атадагы Азис мазардан ачылган. Ошондо бир молдоке айткан “Туке сен кек сактаган үчүн, кудай таалам бутуӊа бир дубаны ачтырып коюптур”-деп. Биздин милдет мазарга барып дуба кылып кудайга сыйыныш. Кудай таалам, кандай даража берет өзү билет. Кыбырап жүрүп ниет кыла берсеӊ алла таалам даражаӊды көтөрүп, касиетти бере берет экен.
-Ислам дини менен кыргызчылыктын ортосундагы келишпестиктерге кандай карайсыз?
-Алла тааламдын кудурети менен, Муххамед пайгамбар келгенден баштап, намаз окуп, ислам дининин эрежелерин тутунуп туура жолго түшүп жатпайбызбы. Касиетти жана кыргызчылыкты кудайым адамга өзү берет. Ал эми ата-бабаларыбыздан калган ырым-жырымдарды таштап сала албасак керек. Себеби, ал нерсе биздин каныбыз менен чогуу айланып турат. Куучу молдолорду алсак, жин чыгарат. Ал жөн эле себепкер, кудай таалам жиберген элчи деп ойлойм. Бизге сезилет кээ бир адамдын денесинде кара энергия топтолуп калган “точка” болот ошону басканда, ушундай кыйкырат.
-Жин тууралуу сөз кылсак…
-Кээ бирде бизге ошондой нерсе менен келгендердин ичинен дем салуунун күчү менен, кадимкидей жиндер сүйлөп берет. Маселен: качан келгенин, качан чыгаарын, канча жашта экенин. Ар бир эле жин, кирген адамдын ичинен сүйлөй бербейт. Өтө күчтүү касиети бар адамдын ичинен гана сүйлөйт. Ал эми жин чыккандан кийин касиет сүйлөп берет. Жин деле касиети бар адамдарды тандайт. Себеби, ата-бабасы жин кууган касиети бар болсо, ал жиндер өчөшүп калып урпактарына чейин асылышат экен. Жиндердин бир нерсеси алар убадага бек болушат, кайсы күнү чыгам десе ошол күнү чыгып кетишет. Шайтандын чоӊунан эмес кичинесинен корк деп коюшат эмеспи, бир жолу мага 3 күндүк туулган баласы менен кармашууга туура келди. Бир күн, бир түн кармашкам.
-Жин деген эмне деги? Бул кандайдыр бир адамдын жашоосу параллель жашоонун бардыгыбы?
-Бул жалган дүйнөдө биз жинди көрбөйт экенбиз. Өткөндө бир апа менен сүйлөшүп калдым, ал киши айтат биздин ата-бабаларыбыз өтө кыйын болушкан, эмнеге боз үйдө жашашчу, анткени тегерек нерсеге жин турбайт да деп. Жиндер негизи булуӊ бурчтарда болот. Боз үйдүн негизги касиети ошондо. Алар чындап эле бизге параллель жашоодо жашагандай. Кадимкидей үй-бүлө, бала-чака, тууган-уругу болот. Мусулманы, каапыры бар дегендей. Алар ушунчалык күчтүү адамдын ичине киргенде, адам баласынын аӊ-сезимин бүтүндөй ээлеп алат. Каалагандай кирген адамын өз эркинде калчай берет. Адамдын ичине киргенден кийин алар 4-5 жыл тийишпей, изилдейт экен. Адамдын кыял жоругун билип, толук орун алып калгандан кийин өз өкүмүн жүргүзө башташат.
-Жин кирбеш үчүн кантип сактануу керек?
-Колдон келсе намаз окуш керек, кечинде жылаӊбаш чыкпай, ажатканага жылаӊбаш барбаш керек. Чоктон чыккан гүлгө ойношот, аны тебелебеш керек, кир жуулган сууну, ар кайсы жакка чачпоо да керек. Этаж үйлөрдө раковина, унитазда жашайбыз дешет. Сактаныш үчүн келме келтириш керек. Ээн үйлөрдө болот, кээ бирлер ошондой ээн үйлөргө заара ушатат, ошондо дагы илээшип кирип кетет. Жөн адамдар үчүн бул жомок сымал туюлат. Бирок, мындай дүйнө бар экени биз үчүн чындык.
-Жин киргенин кантип билсе болот?
— Жин киргенин адам өзү сезбейт, билинбейт. Ал жанындагыларга көбүрөөк туюлат. Анткени, адамдын кыял-жоругу, баскан-турганы өзгөрүп калат. Бара-бара алардын дүйнөсүнө кирип аралашып кетет.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *