– Эрлан, бүгүн коомдо өзүң сыяктуу жаштар мамлекеттик тил боюнча эмнени айта аласыңар?

– Мамлекеттик тилдин Конституциядагы макамы боюнча сөз кылардан мурун, эң эле жөнөкөй нерселердин мисалынан сөз кылалычы. Ар бир нерсе муктаждыкка карап өнүгөт. Мисалы базар мамилесинен алганда деле товардын кайсы түрүнө болбосун кардарлардан суроо-талап жогору болсо, анын өтүмдүүлүгү жогору болот. Мен ушу күнгө чейин карап келем, көчөлөрдөгү жумуш берүү боюнча ар кандай жарнамалардын баардыгындагы негизги талаптардын бири – орус тилин билүү. Демек, бул – кыргыз тилине муктаждык жок деген сөз. Акча табыш үчүн, жан багыш үчүн орус тилин билишиң керек деген сөз да бул…

Анан азыркы жаштар эмнеге умтулуп атабыз. Англис тилин үйрөнгөнгө, орус тилин үйрөнгөнгө умтулуп атабыз. Аз убактан бери эле сейрек жерлерден кыргыз тилин үйрөтөбүз деген жазууларды кездештирип калып жүрөм. Мындан улам кыргыз тилин үйрөтөбүз деген жарнамалоо ага муктаждар үчүн максималдуу түрдө кетиши керек деп эсептейм. “Биз кыргыз тилин мынча күндө үйрөтөбүз, кыргыз тилин юридиканын тилинде, медицинанын тилинде, экономиканын тилинде үйрөтөбүз, тиричилик деңгээлинде эң жөнөкөй сүйлөшүүнү үйрөтөбүз” деген бүгүн коом суусап турган тармактарда үйрөтөбүз дегендей жарнамаланыш керек деп эсептейм.

Кыргыз тилин Конституция, Концепция, программаларга жазып алсак эле анын макамы, кадыр-баркы көтөрүлбөйт да. Кыргыз тилинин тагдырын, кадыр-баркын коом көтөрөт. Кыргызстандын суу, жаратылыш ресурсу сыяктуу табигый байлыгынан сырткары баа өлчөмүнүн куну жок эгемендик жана эне тил деген эки зор байлыгы бар. Биздин коом ошонун баасын сезбей жатабыз. Менин Москвада билим алган досторум айтып калат, орустар ал жакта жашаган 200гө чукул улуттарды “сен хакас, сен татар, сен чечен” деп бөлбөй эле орус тили тили, маданияты аркылуу өздөрүнө сиңирип алган. Кыргызстанда жашап жаткан улут өкүлдөрүнүн эне тили да сакталсын, ошол эле учурда аларга эне тилибизди үйрөтүп алыш биздин милдет да. Маселен, тилдин кагаздагы укуктук ченемдик баасын, Конституциядагы баасын көтөрө бергенден көрө казак Президенти “казактын абасын жутуп, суусун ичип аткандан кийин ар ким казак тилин билиш керек” деп эле бир сөз менен айтып койгон.

– Мамлекеттик тилдин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн эмнелер зарыл болуп турат?

-Кыргыз тилинде таза, сабаттуу, так, таамай, сүйлөө – жаштардын кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы. Орус тили Кыргызстанда басымдуу сүйлөнгөнүнө орус тили күнөөлүү эмес. Өз тилибизди сүйлөтө албаган өзүбүз күнөөлүбүз. Азыр кыргыздар кыргыз тилинде таза сүйлөгөн адамга суктанган бир тенденция пайда болуп калды. Бул эми жакшы деңизчи. Бирок, кыргыздын кыргыз тилинде таза сүйлөгөнүнө суктанып, “орусча кошпой сүйлөйт экен” деген модага айланган абалга жетпешибиз керек. Кыргыз тилинде таза, так сүйлөгөн кадыресе көрүнүшкө айланыш керек.

Кыргыз тилин мыйзамдарыбызда жазылгандай толук кандуу колдонуубузга эмне тоскоол болуп атат деген маселени карап көрөлүчү… Жаштар арасында кыргызча таза сүйлөсөң сени бир эски адам катары кабылдап, же “жонуп, кичиртип койгон чоң ата, чоң эне” катары кабылдоо кадыресе көрүнүш болуп калган. Кыргыз тилинин тагдырына кимдер күйүп атат? Мен окшогон айылдан келгендер, орус тилин билбегендер, тилчилер эле күйүп калдык да.

Бала бакча курагындагы бөбөктөр мейли шаарда, мейли айылда мультимедиялык продукцияларды жалаң орус тилинде көрөт дагы, Нарындын түпкүрүндөгү айылда жашаса да, үй-бүлөсүндө, айлана-чөйрөсүндө орус тилинде сүйлөгөн бир адам жок болсо да орус тилинде сүйлөп атат. Андайларды өз көзүм менен көрүп жүрөм. Муну ал түгүл балдары мультфильм көрүп атып эле орус тилин үйрөнүп алган ата-энелердин баары тастыктап берет.

Ал эми ЖОЖго келгенде лекция да, сабак да, семинар-конференциянын баары расмий тилде өтөт. Муну менен албетте жаштардын арасында мамлекеттик тилден орус тилине артыкчылык кылган түшүнүктү өзүбүз жаратып, жайылтып жатпайбызбы. Дагы айтам, мамлекеттик тилдин өнүкпөй жатышына орус тили же анын расмий макамы күнөөлүү эмес. Кыргыз өзү күнөөлү. Кыргыз тили өнүкпөй калган кедей тил эмес. Ал сүйлөсөң да, ырдасаң да куюлушуп турган, сөздүк кору (лексикалык) өтө бай, керемет тил. Болгону кыргыз мамлекетинин ичинде кыргыз тили өгөй болуп атканы, ал тилде таза сүйлөөнүн модага айланып баратканы кейиштүү да.

– Ар ким мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошо алат деп ишенимдүү айта аласыңбы?
– Маселен, мен дипломдук ишимди кыргыз тилинде жаздым. “Юридика боюнча дипломдук ишти жаза албайсың” дешти. Мен жазам дедим. Жаздым. Жазганда да сонун жазылды. Бул менин үлгү боло турган чоң салымым деп эсептейм. Орус тилиндеги юридикалык эмгектерди которуп, юридикалык терминдерди колдонуу менен эле кыйынчылыксыз эле жаздым. Өзүм окуп алып, кийин абдан сыймыктандым. Анткени илимий ишти кыргыз тилинде бабына келтирип, майын чыгарып, соп-сонун эле жазса болоруна өзүм да ынандым. Башкалар да ынанды. Бул менин утушум болду деп эсептейм. Мен беш жыл бою кыргызча сүйлөп, жооп берип, баяндамаларды өз тилимде жасап жүрдүм, мени эч ким жериген жок, тескерисинче көтөрмөлөштү. Салым ушундан башталат да.

Көп эле жаман адаттарыбыз бар коомдо. Орус тилин билбеген турист келсе да ага кыргызча эле “кайдан келдиң” дебей, орусча билбеген тоолук агабыз да “откуда прищёл”? – деп турат да.

Жаштардын эле сүйлөгөнүн эмес айылдагы карапайым кыргыздын күнүмдүк сүйлөгөнүн карап турсаңыз: “званить этип койчу”, “единица салат элем”, “возможность болсо” деги койчу ушундан артык сүйлөбөйбүз да.

Ал түгүл компьютер менен телефонго даярдап берген “ө”, “ү”, “ң” тамгаларын колдонбой жатпайбызбы? “Сөгүш жарыялайбыз” дегендин ордуна “согуш жарыялайбыз” деп канчага чейин жүрөбүз.

Орус тилинде сүйлөп жатып грамматикалык ката кетирип алган кыргызды Андрей менен Сергей досубуз шылдыңдаган жок да. Акматты Ташмат деген кыргыз мазактап чыгып атпайбы. Орус бир тууган эмес, өзүбүз айтып, Фейсбук, Инстаграмм баракчаларыбызга илип, талкуулап жатабыз да…

Ошентип атып, кыргыз тили же бала бакчада же мектепте же окуу жайда, иштейин десең кызмат орундарында кадыр баркка ээ болбосо, анан баарылап артыкчылык берилген башка тилдерди үйрөнүшүбүз керек болуп атат да…

Жаштар ийгилик жаратышыбыз керек деп эсептейм. Маселен, мен билген Жоомарт Жолдошев деген агабыз бар. Ал томдогон укуктук-ченемдик актыларды жазып аткан жок. Ал юридикалык маселелер боюнча кыргыздын сабаттуу, жөнөкөй жеткиликтүү тилинде жаштарга семинарларын өтүп, үлгү болуп келет. Бир канча тилдерди билген Нуржигит Кадырбеков агабызды ким билбейт. Бизге азыр кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөө боюнча үлгү болуп бергендер аба, суудай зарыл.

Тейлөө кызматтары көргөзүлгөн жерлердин иш кагаздарын толтурганда кыргыз тилинде эле толтуралы. Ошону талап кылалы. Айтор, мүмкүн болгон жердин баардыгында өз тилибиздин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүүгө карапайым калк, ар бирибиз өз салымыбызды кошуш керек.

– Эрлан, ойлоруң ишке ашып, эл уулу болуп жүр!

– Рахмат, Сиздерге да ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен – Альфира Супатаева