Анын айтымында, жарышка Россия, Казахстан, Кыргызстан, Азербайжан, Индия, Кытай, Түркменистан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Япония, Аргентина, Франция, Корея, Польша, Англия, АКШдан болуп 1470 спортчу катталган.

Марафон 22-сентябрда эрте мененки саат 9:00дө Арча-Бешик жаңы конушунда орун алган «Газпром» спорт комплексинин алдынан башталып, 7-апрель көчөсү тарапка жүгүрүшөт.

Жөө күлүктөр үчүн 3, 10, 21 чакырым жана таяк менен басуу каралган.

Жалпы байге фонду 504 миң сомду түзөт. 21 чакырым аралыкка чуркап, маарага биринчи келген спортчу 100 миң сом, экинчи келген 70 миң, үчүнчү келген 50 миң сом алат.

Эскерте кетсек, алгачкы Бишкекте өткөн жарым марафон 2 жыл мурун болгон. Анда 15 өлкөдөн келген 1 миң 600 жөө күлүк чуркаган. Мурунку жылы 23 өлкөдөн 1 миң 800 адам катышкан.