Комуз касиети, өлбөгөн өнөр, аруу дүйнө, залкарлар көрөӊгөсү

Улутубуздун улуулугун далилдеп маданий өсүшүбүзгө өзгөчө салымы бар, ыйыктын-ыйыгы делинген улуттук аспабыбыз комуз. Комуз өзүнүн тарыхында, кыргыз элинин кылымдан-кылымды карыткан жашоосундагы бүткүл сезимдерин, сүйүнүчүн, арзуусун, сүйүүсүн, кубаныч, кайгысын, азасын, өкүнүчүн, дартын, сезип туюп саймедиреп келген эӊ ишеничтүү сырдашы болгон. Комуздун ыйыктыгын, аруулугун керек кезде эӊ ишенчиликтүү сырдаш экендигин туюп, комуз менен дос болуп колунан түшүрбөй бапестеп өзгөчө мамиле жасап келген ырчы айымдарыбыздын көч башында турган, Саламат Садыкованы комузсуз жана улуттук кийимсиз элестетүү кыйын. Саламат эже куруп берген маектен улам, кыргыз аялдары акылман, кеменгер, жөнөкөй ошол эле учурда, көрөӊгөсү руханий байлыктын булагы жана башаты болуш керек экендигине ынандым.

-Саламат айым, биздин “Ayan.KG” маалымат сайтына кош келиниз! Сизди кыргыз фольклорунун көч башында, комузду колунан түшүрбөй аздектеп жүргөн айым жана кыргыздын улуттук маданиятына чоӊ салым кошкон инсан деп билебиз. Комуздун касети эмнеде деп ойлойсуз?

-Комуз кыргыз бабамдан калган, кандайдыр бир өзүнүн сыры, сыйкыры бар аспап. Акыркы мезгилде, комуз биздин доорго чейин, кимдин колунан жаралды экен-деп көбүрөөк ойлоно турган болдум. Дүйнө жүзүндөгү кайсы гана сахнада жүрбөйүн, ааламдын булуӊ-бурчунан барган кыйындардын арасында жана алар менен биргелешип дагы сахнага чыгып көрдүк. Ааламда не деген таланттуу улуттар жана адамдар бар, бирок ошого карабай эле көбү комузга арбалып кетишет. Бир жылдары Парижге барып калдык. Парижде, “Ситэ де ля мюзик”-деген чоӊ музыкалык коомчулук бар. Ошол ассоциация өзү кыргызтанга келип, Нурак агай экөбүздү тандап, Балбай агай кошо өзү ээрчип жүрдү. Балбай Алагушев агайга абдан ыраазы болом, “Келе кал Саламат сен да, ырдап калышыӊ керек”-деп телефон чалып чакырып, кайра-кайра кыжаалат болгону эсимде. Келсем эки француз отуруптур бир аял бир эркек. Түшүнгөнүмө караганда бирөөсү журналист экен. Нурак агай тууралуу угуп, билип келишкен экен мен жөнүндө эч ким айтпаптыр аларга. Таӊкы саат, тогуз менен ондун ортосу элестеткиле, “ой  ушул эртеӊ менен дагы ырдатат турбайбы”, -деп коюп эле ырдап жатам. Анан 3-4 ыр ырдаганданымдан кийин эле рахмат айтышып, бүттү-бүттү биз ушуну издегенбиз дешти. Ошентип биздин Парижге барарыбызды бекемдеп кетишти. Парижде Өзбекстандын атактуу ырчысы Шерали Жороаев да жүрдү, билесиздер өтө таланттуу “Рубап” деген аспабында ойноп, өзүнүн автор катары мыкты чыгармаларын ырдап жүргөн киши. Биздин комузубуз ал кишинин эсин оодарды, андан тышкары Казакстандын мен кыйын деген үч домбрачысы жүрүштү. Бирок, ошол үч бирдей казак Нурак агайдын артынан ээрчип алышкан. Нурак агайдын бир сонун сапаты бар эле, эч кимдин көӊүлүн калтырбаган, сыпайы адам болчу. Кыскасы ар өлкөнүн өзүнүн кыйындары, бирок биздин комузга таазим кылып, абдан баалап жактырып калышты. Баягы казактар Алма-Атага келгенибизде Нурак агайды баладай кылып алдап алып калышты. Кийин баягы казак домбрачы телевидениеден чыга баштады, балдарга домбра үйрөтөбүз деп. Ошол күндөн баштап казак туугандар, өзүлөрүнүн домбра ааламынын нускасынан тайды. Домбра дүйнөсүнүн тээтияктагы тамырын, көөнөдөн келе жаткан нускасын, ритмин, техникалык жөрөлгөлөрүн унутуп туруп, комуздун ыкмасына ооп кетишти. Азыр байкасаӊыздар домбрачылары кыргыздар сыяктуу кол ойнотуп калышты. Кол ойнотуу мурда буларда болгон эмес. Мына ушундай мисалдар көп. Мага комуздун үнүндө бир касиет бардай сезилет.

-Комуз ааламына кантип келип калдыӊыз?

-Мен өзүм Таласка келин болуп калдым, ошол топурак касиеттүү экен. Ошол элге сиӊип, элдик театрда иштеп жүрдүм. Туш тарабымдын баары эле, комуз көтөргөн адамдар. Ошол адамдардын баары жыйылып, ыр-бий ансамблин түзүп калдык. Ыр–бий ансамблинде борбордон барган Султан Юсупов деген өтө бир жибектей созулган, Мүнөзү жумшак хоровик, композитор агай катышып калды. Ошол агай айтыптыр, “Ушунчалык бары жогу келишкен кыз экен, үнү да соонун мыкты турбайбы, бир гана айыбы ушул кыз комуз чертип ырдаганда сонун болмок”-деген сөз болуптур. 26-жашымда мен комузга өттүм. Аябай намыскөй, өжөр болчумун. Өзү турмушумда, табиятымда ойлоп койгон максатымды ишке ашырган адам болдум. Адамды сөз өстүрөт деген өзү ырас бардыгы сөздөн башталат. Чыгармачыл өнөр адамдары негизи куйма кулак болобуз. Биз бир нерсени уксак сөзсүз жыйынтык чыгарабыз. Ошентип, борбордон келген Султан Юсупов өзу айтып жатса, мен комуз чертишим керек турбайбы, -деген нускада өзумдү-өзүм шыктантып, бир нукка салып, комуз үйрөндүм. Үч айдын ичинде комузду чертип, комуз менен ырдаганга жарадым. Анан Москвага жөнөрдүн алдында комуз менен элдик ыр «Кызыл гүлдү» -ырдап чыктым. Комуз кармаган кундөн баштап эле, тушоом элдик ырларды ырдап кесилди. Андан кийин «Эсте секет», «Катка жооп» сыктуу кыргыздын элдик казынасындагы ширелүү ырлардын дээрлик көпчүлүгүн ырдап жүрүп чет элдерге да чыктым.

Ошол кайсы жылдар болуп калат?

-Бул 1982-1983-жылдар аралыгына туура келет. Ошол репертуарларым менен Москвага барып келдим. Комуз менен ырдаган жолго түшүп бул аспаптын улуу касиети бар экендигин туйдум. Комуздун, шарапаты менен бүтүндөй Кыргыз элине, алты дубанга, жарк этип эле тез чыгып кеттим. Көрсө аккардиондун доорунда, менин комуз менен чыкканым элге өзгөчө таасир калтырса керек. Ошол кездерде Ош драм театрына келип «Сага» деген Жалил Сыдыковдун сөзүнө жазылган ырды ырдасам, Адылбек Дыйканбаев деген режиссёр агай бар эле. Ошол кишилер, «комуз менен деле назик, кылдат, өзүн-өзү угуп, маданияттуу черткен ырчы болот турбайбы»-деп таӊ калышкан экен. Адегенде тушоом элдик ырлар менен кесилип, жеке авторлордун лирикалык ырларына дагы тез эле өтүп кеттим. Мына ушундай комуздун өзгөчө касиеттеринен улам борборго, чоӊ маданияттын казанына чакыруу менен келип түшүп калдым. Комуз болбосо, башка ырчылар сыяктуу эле маданият үйүндө, же элдик театрларда кала бермекмин. Мен дайыма комузума кастарлоо менен мамиле кылам. Бир жакка бара турган болсом дагы, комузумдун кереги барбы? жокпу? дебей дайыма жаныма жанаша ала жүрөм.

-Сизди коомчулуктабы же кесиптештериӊиздин арасындабы, бетке айткан, болгон нерсени жымсалдабай ачык жана таасын жасалмалуулугу жок көрсөтө билген айым катары билем. Ушул мүнөзүӊүздүн пайдасы менен зыяны тууралуу сөз кылсак…

-Турмушта, өзгөчө өнөр чөлкөмүндөгү, өнөрлүү адамдарды алып карасак, даярга чыккан адамдар болот, ал жөлөп-таяганы, бар дегендик. Биринин күйөөсү жөлөп жатат, дагы биринин тууганы дегендей. Ал эми мен болсо ак менен караны бала кезимден таанып, өстүм. Тогуз жашымда томолой жетим калган кишини, элестетип көрүӊүз. Муну менен мен эмнени айткым келет, тогуз жашымда, барды-жокту мерездикти дагы көрдүм. Айдын он беши караӊгы болсо, он беши жарык дейт. Ошол жарыкчылыктан кудайым мени кур койгон жок. Мен биринчиден сөз тааныган кыз болдум. Себеби, сөз аркылуу өзүмдү издедим. Адам бул дүйнөгө келген соӊ, биринчи кезекте өзүн тааныш керек экен. Эгер мен өзүмдү таанып, өзүмдү тапкан болсом, демек коомдон өз ордумду таптым. Көп окуп, көп изденген киши катары, бирөөнү жеӊген эмес, өзүн-өзү жеӊген киши  баатыр, деген даанышмандардын оюна кошулам. Жогоруда сиз берген соболго дагы ушул эле өӊүттө жооп берет элем. Биз мен деп эле өзүбүздүн ишибиз менен жашабай, эки ооз жакшы сөз айтуудан аянбайлы. Жеке түшүнүгүмдө, биз өмүргө утурумдук келген адамдарбыз, бул жашоодо бир аялдамада отурган эле жолоочудайбыз. Биз да өтүп кетебиз, кимдир бирөөгө балким мен жакпаймын. Ал менин башымды көп деле оорутпайт мен акча эмесмин да баарына жага тургандай. Бирок, мен өтө так жүрөм. Орустар айткандай “Пунктуальный кишимин”. Ошондуктан, өзүмдүн тегерегимен бир тайыздыкты, жүзү тайдылыкты, өтө дымактуу, эсеп чоту менен жүргөн адамдарды көрүп калсам, көӊүлүм ирээнжип калат. Андай инсандардан мүмкүн болушунча алысыраак жүргөнгө аракет кылам. Сиз айтмакчы айлана-чөйрөмдө балким кимдир бирөөгө жакпагандырмын, бирок кимдир бирөөлөргө менин адамгерчилигимдин пайдасы тийип кетет. Көбүнчө жетекчилик деген жаныбарларга тийиштүү. Алар кабинетке киргенге чейин эле бир сонун адам. Кирип алгандан кийин ашып кетсе бир ай. Ал адамды бир айдан кийин тааныбай каласыӊ. Кечээ эшикте ыйлап турганын унутуп калат. Ал сени көкүрөгү менен түртүп өтөт, көзүнүн кыйыгы менен да карагысы келбей калган жетекчилерди көрдүк го. Жеке мен эмес коллектив жарыла албай турган учурлар болот. Филармония деген касиеттүү дубалдын ичинде кандай гана адамдар бизге чейин элдин руханий дүйнөсүн ажарлап жүрүшкөн. Алардын жолун жолдоп биз жүрөбүз. Мына 30 жылдан бери мен иштеп келе жаткан филармониянын залын кесиптештерим менен эчен жолу жылуулукка бөлөдүк. Эчен жолу аруу тилектерибиз менен чыгып элге ийилип турсак, анан кечээки келген бирөө, бизди ары тээп, бери тээп калса (моралдык жактан) жаныӊ ооруйт экен. Топ жарылып айта албаган нерсени кээде мен айтып коём. Калыстык менен дээримде, кудай тарабынан берилген сапаттардын бири окшойт да сыягы. Албетте, сиз айткандай дайыма алкыш укпайм. Ошол адамдар мени ары-бери калчап калышат, бирок андайларга азыр кенебей деле калдым. Себеби, өнөрдүн бир чоӊ касиети бар экен, “өнөрлүү өлбөйт”-деген. Бир чиновникке жакпай калсак, элдин арасындабыз, кудайга шүгүр. Элге мен кандай ийилсем, элди мен кандай сүйсөм элим мени ошончо баалайт. Өнөр адамынын биринчи милдети өз ишибизде, адал жан-жакабызга адилет болушубуз керек. Айтайын деген сөзүбүз, ырдай турган ырыбыз обон, кайрыгыбыз элдин көӊүлүнүн төрүнөн чыгып турса, жараткан өзү эле тескеп ырыскы-шыбагыбызды, пейлибизге жараша көрсөтө берет.

-Салтту музыка-деген сөз мурда жок эле. Биз муну менен казактарды туурап калгандайбызбы?

-Сиз айткандай буга чейин деле музыкалык бийик серебизде окуу жайларыбыз болгон жана дагы деле бар. Айтып кетсек Б. Бейшеналиева атындагы искусство институту университет деген статуска жетишти. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториябыз бар. Билимдүү коомчулугубуз бар. Бирок, ошого карабастан соӊку жылдарда маданияттын өзү дагы соодага айлангандай. Кичине бир дымак күткөндө залкарларга теӊ ата болгусу келишет. Тайманбай туруп, коомчулуктун төбөсүнөн баскысы келгендер, барчылыктан семиргендер көбөйдү. Мен айтат элем барчылыктан беш, он чапан кийсин. Бирок, берки өйүздөгү К. Молдобасанов консерваториясы болсо, аркы өйүзгө өзүмдүн консерваториямды ачып алам деген дымакка жетишти го. Салттуу музыка, анан салты жок деген дагы болобу. Кыргыз эли өзү илгертеден бери келе жаткан жомок, бешик ырынан баштап мээбизге сиӊирген элбиз. Кошуна элди көрүп алып эле, укканыбызды жасай бергендин өзү, бул плагиат. Туурамчы тотукуштай эле болуп калдык. Акчаӊ барда танкасыӊ, акчаӊ жок болсо маӊкасыӊ деген эле заман болуп калды. Өнөр адамдары илгери таза болчу эле. Азыр кааласа дипломду сатып алып коомчулукка уят болгонун деле билбей калышты. Бизге чейинки өнөр адамдары, өзүнүн аруу дүйнөсүндө, карапайым жүрүп өмүр сүргөнүн билебиз. Эгер баштуу эл болгубуз келсе, маданият министри бул нерсени каттуу көзөмөлгө алышы керек. Салттуу музыка кыргыздын жүзү, музыкасы дей турган болушса, анда баардыгын бир жерге топтошубуз керек. Кыргыз фольклорун азыр мүчөлөп, устукандап ар кимиси каалаган жагына бөлүп алышты. Мындай карасаӊыз бирөө манасчыларды алып кетип жатат, дагы бирөө акындарды. Маданиятка илгери биз көргөн жөрөлгөдө, тегиз эле карашчу. Бир сахнада манасы, жомогу, айтышы деле жерде айтыла берет эле. Ошолордун баары бир туугандай болуп элге кызмат кылып чогуу жүрүшчү. Азыр эми замандын агымына жараша, медценаттарыбыз көбөйүп кетишти. Аларга ырахмат, колунан келгени өнөр адамдарына үй алып берип жатышат. Дагы бири машине мингизип, тон жаап жатышат дегендей. Албетте, бул жакшы жөрөлгө, бирок маданияттын туусун жалпылап чогуу бир эле көтөргөнүбүз дурус деп ойлойм. Негизи  кыргыздын улуттук маданияты деп айтылат. Чет элдерде деле бизди кыргыз улуттук маданиятын таанытуучу деп айтышат. Эч качан кыргыз салттуу музыкасын тааныткан деп айтылбай.

Азыр өзүӊүз айткандай, көйнөктүн эмес көрөӊгөнүн жардылыгы өкүм сүрүп калгандай. Сизди көрөӊгөсү бай адам катары баалайм, азыркы жаштарга көрөӊгө тууралуу айтаар кеӊешиӊиз…

-Адегенде буга жооп катары айтаарым, кичинебизден жомок уктук. Биздин көргөн турмушубузда үйдө идиш-аяктан кийин эле өзүбүзгө жетерлик төшөнчү, жууркан андан соӊ байлык катары китеп тураар эле. Ошол учурда китеп дүкөнүнө кайрылмайын кетпейт элек. Экинчиден, залкаралардын тобуна кудай мени өзү алып келип кошту. Улуттук үн деп,  “Камбарканга” туш кылды. Ыраматылык Чалагыс Исабаев агайымдын (жаткан жери жайлуу болсун) колдоосу чоӊ болду. Ушундай улуу инсандардын назарынан өтүп, Самара эжемдин жолун алып отурам, бул адамдардын жан дүйнөсү руханий байлыктын ордосу тура. Мына менин көрөӊгөмдүн азыктары. Жаштарга айтаарым чыдаймкайлыктын, ички дүйнөнүн тазалыгынын өзү дагы кандайдыр бир деӊгээлде көрөӊгөнү толтурат.

Маданияттын туу чокусунда өз ордун тапкан Саламат эжебиз менен болгон маек дагы алдыда…

Даярдаган: Самара Райымбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *