Өмүрбек Текебаев түлөө өткөрдү

22-сентябрда интернет желесине айрым журналисттер жана «Ата Мекен» партиясынын тарапташтары Өмүрбек Текебаев аны колдогондордун башын бириктирип, Бишкектеги ресторандардын биринде дасторкон жайып, түлөө өткөргөнүн жазып, сүрөт жүктөп жатышты.

Муну партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева тастыктап, Текебаев негизи аны колдогон бардык жарандарга ыраазы экенин айтты.

«Ооба, бүгүн Өмүрбек Чиркешович жана анын адвокаттары оор күндөрдө ысык, суукка карабай аны колдоп жүргөн адамдарга ыраазычылык иретинде дасторкон жайды. Чынында 2 жыл 7 ай убакытта аны көп адамдар колдоду, саясатчы алардын баарына ыраазы. Ага бүгүн жакшы тилектер айтылып, бата берилди», — деди Сасыкбаева.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *