II Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү Ош облусуна жүктөлдү

II Улуттук көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди.

Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *