Япон окумуштуулары 1997-жылдан бери 60-80 жаш курагындагы адамдардын басуу ылдамдыгын изилдеп келишкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында, 70 жаштагылар секундасына 1,5 метрди басып өтсө, анда узак жашагандардын катарын толуктаарын аныкташкан.

Эгер ошол эле куракта басуу темпи секундасына 1,5 метрге жетпесе, анда адам дагы 10 жыл жашайт. Алар изилдөөнүн 15-35%ын түздү. Аталган тажрыйбада эркектердин көрсөткүчү аялдарга караганда төмөн болгон.

«Күнүмдүк турмушта адам канчалык ылдамыраак басса, ошончолук өмүрү узун болот», — дейт доктор Хидэнори Арай.

Буга чейин, Макмастер (Канада) университетинин окумуштуулары жөө жүрүү адамдын өмүрүн узартаарын айтышкан.