Контейнер мектепке интернет коюлуп, ичинен суу чыгарылдыбы?

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастан Жумабеков уялбай туруп эле “Эки жылдан бери жыргап калдык. Коррупция жоюулду, экономика көтөрүлдү, мамлекеттик бюджет акчага толду, алыскы аймактарыбыз болуп көрбөгөдөй өнүктү, бобордон 500миӊ чакырым алыстыкта турган айылдарга таза суу чыгарылды, бала бакчалар жана фаптар курулду”-деп күпүлдөдү. Ошондой эле ал алыскы аймактардагы мектептерде, интернеттин киргизилиши болуп көрбөгөндөй ийгилик дейт. Бирок, интернет колдонуучулар бул маалыматтарды четке кагып эле тим болушпастан, кыжырлангандарын жашырышпай өз пикирлерин жаадырып жатышат.

Талант Акималиев деген фейсбук колдонуучу: “Бул койлордун сакмалчысы, өзүнүн жеке бизнесинин алдыга жылып жатканын айтып жатат, эки жылда жакшы эле байыдым, ыракмат силерге!”-деген пикирин билдирди.

Дагы бири, “Контейнер мектепке интернет коюп берип, ичинен суу чыгардыӊарбы?” деген какшыгын жылдырды.

«Кой десе анан чычалашат, кой жок дегенде тууп берет»-дейт, Масалы Акматов аттуу фейсбук колдонуучу. Айтор, төраганын  бул бакылдашы алдыдагы шайлоого чоӊ даярдыкпы?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *