ГЕНЕРАЛ КИЯЗОВ: МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНГА САЛАМ!

2019-жылдын 22-сентябрь күнү милициянын отставкадагы генералмайору Кемелбек Киязов 42 км 195 метр аралыкка чуркоо боюнча жетинчи Москва эл аралык марафонунда катышты. Аталган ишчарага катышуу үчүн 85 өлкөдөн 22 миңден ашык спортчулар келген. Марафон Москва шаарынын эң кооз көчөлөрүндө өткөнү менен, анда + 5-7 градустагы аба ырайында, катуу шамал болуп, каар аралаш жаан жаган учурлар болгон. Аба ырайынын оор шартына карабастан, генерал-майор К. Киязов 42 км 195 метр аралыкка чуроо марафонунда жеке өзүнө рекорд жасады. Анын жыйынтыгы 4 саат 01 мүнөт болду. Жаш курактары боюнча катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү 2019- жылдын 3-октябрь күнүнөн кийин сыйлашмакчы. Фиништен кийин Кемелбек Киязов билдиргендей, бул Москва марафонундагы чуркоону-Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине арнаган. Ошондой эле, жөө күлүк генералыбыз Кыргызстанда туруктуулук, бейпилдик жана тартип болушун каалап кетти.   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *