ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-ИЮЛДАН 4-АВГУСТКА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада кылган аракеттериңиз дароо эле натыйжасын берет. Жаңы иш баштоого мүмкүнчүлүк жогору. Келечекте өнөктөш боло турган адамдар менен байланыш түзөсүз. Дос, кесиптештер тараптан ишиңизге тоскоолдуктар жаралат. Ийгилик жаратуу үчүн бүтүндөй дүйнө каршы чыкса да, агымга каршы сүзүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Көтөрүңкү маанай коштоп, ишиңизде жетишкендиктер орун алат. Өзгөчө чыгармачылык менен алектенгендер үчүн апта жемиштүү болот. Жеке жашооңузга байланыштуу маанилүү маселени чечүүгө ыңгайлуу мезгил. Айрымдарда жаңы жолугушуулар болушу күтүлөт. Моюнуңузга көп ишти үйүп алуудан алыс болгонуңуз оң.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бардык эле иштер сиз ойлогондой боло бербейт. Максаттарыңызды так аныктап алмайынча аракеттериңиз текке кетет. Беделиңизге шек келтирбейин десеңиз, айрым мамилелештерди курулай айыптоодон алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында жагымдуу пикир алмашуулар орун алышы мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта ичи иштен оолак болуп, өзүңүзгө бир аз эс алуу жарыялаңыз. Жакындарыңыздын ишине кийлигишпей турганыңыз жөндүү. Киреше кирип капчыгыңыз кампаят. Жолдомо же чакыруу утуп алып кубанасыз. Сүйүү мамилесин турукташтырууга аракет кыласыз. Ден соолугуңузга көңүл бөлүңүз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Жылдыздар сизди эмгекчилдикке чакырат. Ийгилик жаратуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз. Өзүңүз үчүн эринбеңиз. Сөзсүз аракетиңиздин натыйжасын көрөсүз. Ден соолугуңузга көйгөй жаралбасын десеңиз, иш планыңызды жеңилдетип алганыңыз оң. Апта соңунда жагымдуу кабар угуп кубанасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жайкы аптапта эс алууну эңсеп жүргөнүңүз менен, жумушуңуз, шартыңыз ага жол бербей жаткан болсо, бул жолу эс алуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. Орун алган майда жагдайларды эске албаганда сиз үчүн ийгиликтүү апта болмокчу. Иштин алга жылуусу, сүйүү, үй-бүлөдөгү жылуу мамилелер сизге бакыт тартуулайт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Маанилүү иш-чаралар, көп эмгекти талап кылган иштер орун алат. Андыктан энергияңызды пайдасыз иштерге коротуп албаңыз. Коомдук иштердеги өнөктөштүк сиз үчүн маанилүү болуп чыга келет. Сиздин оптималдуу чечим чыгаруудагы жөндөмүңүз мактоого арзыйт. Айрым таразаларда кызматтык роман орун алышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Ишиңиздеги жаралган көйгөйлөр, сүйүктүүңүз менен болгон пикир келишпестик, мунун баары тез эле өтүп кетет. Андыктан маанайыңызды чөктүрбөңүз. Баарын жайына коюп, жалгыз калып ойлонууга убакыт бөлгөнүңүз оң. Баарына сабырдуулук менен карап, чыр-чатакка жол бербеңиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Саякат, эс алуу, өзгөчө сезимдер менен коштолгон күндөр тууралуу пландарды ишке ашырууга шашылбаңыз. Ал күндөр да алыс эмес. Аптада сизге бөлүнгөн иштерди ийине жеткире аткарганыңыз жетекчиликтин мактоосуна арзыйт. Туугандар менен маанилүү маселени талкуулап жетишесиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Күтүлбөгөн жагымдуу белектер орун алып кубанасыз. Алдыда ишиңизге байланыштуу жолугушуулар көп болот. Андыктан өзүңүздү иретке келтирип, гардеробуңузду жаңылоого кез келди. Жаңы түзүлгөн мамилени өнүктүрүүгө шашылбаңыз. Маанайыңыз түшүп, жумушуңузга терс таасирин тийгизет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Социалдык тармактардан, интернет желесинен оолактап реалдуу жашоодо орун алган бурулуштарга көңүл буруңуз. Үй-бүлөлүк бюджетке киреше алып келе турган иштер менен алектенүүгө учур келди. Бул үчүн аптада мүмкүнчүлүктөр жогору болмокчу. Эски карызыңыз колуңузга тийип кубанасыз. Ийгиликтерди купуя сактаганыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Кызыктуу пикир алышуу, жагымдуу таанышуу, мунун баары бул аптада орун алмакчы. Жеке иштер менен же жумушуңузга байланыштуу алыска сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Ийгиликтен кол жууп калбайын десеңиз сөзүңүздү тизгиндеңиз. Апта соңунда үйүңүзгө күтүлбөгөн конок келиши күтүлүүдө.

 

Жылдыз төлгө. 29-июлдан 4-августка чейин
https://www.super.kg/article/show/48717

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *