Тарыхтагы кара тактуу ал мезгил,

Үркүп элим аткан октон качышты…
Эзелтеден душман болгон Кытайга,
Паанек издеп,баш калкалап барышты..

Улуу Үркүн..Айла жоктон үрккөн эл..
Жөө жалаңдап,азып-тозуп,ашып бел..
Кайран элим катаал күнгө туш болгон,
Артта калып тынчтык күндөр,тууган жер!

Жем болушту бай кытайлык жемкорго,
Далайлары калды ач бел,куу жолдо.
Ойго келбей оокат-кече,дүнүйө,
Кара курсак болуп гана ар ойдо..

Дүйнөң түшкүр..Караң калган дүнүйө..
Мүңкүрөдү кайран элим ал күндө..
Боздоп ыйлап ачкалыктан адамдар,
Кызмат кылды кытайларга бүгүлө..

Сатты уул-кызын сасык кытай байларга,
Бир ууч талкан..Эптеп өзөк жалгаарга..
Жаш өмүрүн кулдук үчүн байлады,
Эмне кылат?Барбы мындан башка арга?.

Орустардын саясаты баскынчы,
Кыргыздарды баш көтөртпөй каратмак..
Тарыхтагы Улуу Үркүн датасын,
Туура болоор геноцид деп атасак..

Улуу Үркүн..Кыргызымдын кайгысы,
Жүрөк канап,көздөрдөн кан тамызды..
Үмүт өчпөй..Туулган жерди көрүүгө,
Турмуш менен теңтайлаша жарышты..

Боштондук үчүн,өз алдынча жашоо үчүн,
Улуу элим кыйын күндө баскан жол..
Унутулбайт!Эсибизден эч чыкпайт!
Ата-бабам  изи  калган Улуу жол!

Чолпон Босумбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *