Мамлекет башчылары маданиятка көӊүл бөлгөн коомдун келечеги кеӊ болоруна дүйнөнү түрө кыдырып жүрүп ынандым.

…Тереӊ дайранын бир калыпта мелмилдеген, мончоктой тунук көк иргилтим доошсуз агымын кимдер гана көрбөгөн… Кадыр-баркы дүйнөлүк аренада ашкере тереӊ, баарлаша келсеӊ өтө жөнөкөй инсандан укканымды, тек ошол тынч дайрага салыштырууга түрткү болгон бул маекти бөлүшпөй коё албадым. Анда кеп оролу башынан болсун…

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, дүйнөгө белгилүү композитор – Муратбек Бегалиевдин иш бөлмөсүнүн эшигин кагып, ал-жай сурашып, алгачкы суроомду узаттым:

– Мурат Акимович, бу чалкеш дүйнө агымында, жайдын мээ кайнаткан аптаптуу ысыгында чыгармачыл агабыз эмне менен алек болуп жаткандыгынан кабар алалы деп эле баш багып калдык?..

– Ооба, өзүң айткандай азыркы оомал-төкмөл дүйнөнү жаңыча көз менен карабасак болбойт. Жан дүйнө баалуулуктары дүйнөлүк масштабда да бир топ өзгөрүүлөргө тушукпадыбы. Улуулуктун да, сулуулуктун да корифейлери аттарын камчыланып, артына кылчайбастан жүрүп кетишпедиби. Кылым менен кылым, доор менен доор алмашып, бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө келип калгандай эле болдук. Кечээки чыгармачылыктагы насаатчыларыбызды, турмуштагы көсөмдөрүбүздү айланабыздан таппай калгандан кийин, аргасыздан алардын жолун улап, тарбия-таалим берип, жаштарга жол көрсөтүп келебиз. Бир сөз менен айтканда, жекече чыгармачылыгым менен ректорлук кызматымды айкалыштырып келем…

– “Чыңгыз кайда?, -“Москвада, Парижде, Лондондо”- дегендей, Муратбек Бегалиев ар кайсы мамлекеттин чоң форумдарына, конкурс- фестивальдарына катышууга кетти деп эле угабыз?

– Бул жыл да мурдагы жылдардай эле үзүрлүү болду. Көптөгөн мамлекеттерден чакыруу алып чыгармачылык байланыштар өөрчүдү, дүйнөлүк турнеге жол ачылды.

Бир башынан айта турган болсом Лондондо, Оксфорддо, Кэмбриджде, Глазгодо, Еденбургта симфоникалык жана камералык чыгармаларым ойнолуп, ал тургай ISME дүйнөлүк чыгармачылык уюмунун сьездине катышып, доклад жасап, “Эл аралык кыргыз композиторлору, музыка таануучу жана аткаруучулардын ассоциациясын” түзгөн элек анан ошол ISMEге мүчө болуп кайттык. Мунун өзү эле биз үчүн өтө зор иш болду.

Андан Түрк дүйнөсүнүн маданий жарчысы болгон ТҮРКСОЙ уюмунун чакыруусу менен Түркиянын жана түрк тилдүү мамлекетттерден келген жаш композиторлорго 10 күндүк семинар өтүп келдим.

Мындан соң Ташкент жана Самарканд шаарларында өтө турган эл аралык композиторлордун саммитинде болдум. Жык-жыйма толгон Ташкент жана Самарканд шаарларынын чоң залдарында симфониялык жаңы туундулардын жаӊырышы, жаңыча чыгармачыл маанай алып келди. Ошол эле Ташкенттен Астанага учууга туура келди, анткени, улуу казак композитору Нургиса Тилендиевдин 100 жылдык мааракесине карата конкурстун (дирижер-композиторлорго) төрагасы болуп берүүмдү суранышкан. Нургиса Тилендиев менен жакын мамиледе болуп, чыгармачыл кызматташтыкта да болуп келгенбиз. Казакстандын туӊгуч президенти Н.Назарбаев негиздеген чыгармачыл жаштардын “Шабыт” аттуу фестиваль-конкурсуна 22 жылдан бери төрагалык кылып келгенденби, айтор Казакстандыктар мааракелерге үзбөй чакырып турушат.

Бир аз өтпөй Башкортстандын борбору Уфада заманбап стилде жазылган симфониялык жана камералык чыгармалар үчүн чоң программадагы форуму өттү. Ага атактуу Лейла Исмагилованын чакыруусу менен бардым. Бир нече чыгармаларым ойнолуп (белгилей кетүүчү нерсе, мындай форумда бир композитордун бир чыгармасын эле жаӊыртууга мүмкүндүк беришет – автор) теле-радиосуна чыгарышып, ал тургай басмаканадан ноталарымды чыгарабыз деп сөз беришти.

Кийинки турнем алыскы чыгыш Вьетнам өлкөсүнүн борбору Ханайго болду. Бул жерде “Europa-Asia” аттуу композиторлордун эл аралык форуму өттү. Көптөгөн композиторлор менен катар ар кайсы мамлекеттерден дирижорлор чакырылган экен. Менин чыгармаларымды жапон жана болгар дирижерлору аткарышты. Ал түгүл Вьетнам президентинин колунан чоң сыйлык алууга жетиштик. Ошол эле жактан Нью-Йоркко учууга туура келди. Анткени, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Калифорния университетинин чакыруусун алган элем. Кыргызстандан үчөөбүз – КР экс-президенти Р.И.Отунбаева, белгилүү режиссер Б.Шамшиев агабыз жана мен катыштык. Бул конференция-форумду университет менен бирге кыргыздын таланттуу пианисти, патриот уулу, белгилүү пианист – А.Сыдыков жана Кыргыз-Америка достугунун ассоциациясы уюштурган экен. Дүйнөнүн чар тарабынан келген Айтматов таануучулар үч күн бою Айтматовдун чыгармачылыгын, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун тастыкташты. Бизге бир күндүк убакытты бөлүп беришти. Ар кимибиз жакындан билген инсандар катары колубуздан келишинче маалыматтарды жеткире алдык. Роза Исаковна негизинен жалаң англис тилинде, Болот байке экөөбүз орус тилинде сүйлөдүк. Форум Бродвейдин кыл аспаптар ансамблинин аткаруусунда менин чыгармаларым менен ачылса, жабылышы Болотбайкенин Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган “Ак-кеме” киносу менен жыйынтыкталды.

Казакстандын Атырау шаарында өткөн казак композиторлору уюштурган “Классика-элге” аттуу форумунан келгениме 4-5 күн боло элек. Мен үчүн кызык болгону классикалык чыгармаларды эл аспаптар оркестиринин аткарганы болду. Элеттиктер музыканы катуу сагынса керек, бир залдан экинчи залга ээрчип барып угууга аракет кылышты.

– Баракелде, мындай тынымсыз, кеӊ чабыттуу сапарлар туурасындагы сөз өзүнчө китеп боло турганына шегим жок. Жакын арада дагы чуктаган сапарларыӊыз бардыр?

– Албетте, чыгармачыл турнелер мерчемделүүдө, жаңы эле чакыруу кагазы Түштүк Кореядан келди. Бул өзгөчө чакыруу экен. Дүйнөнүн белгилүү композиторлорун чогултушуп, алардын жаңы чыгармаларын угуп, талдашат. Бул форумдун шарты боюнча аткарыла турган чыгарма – жаңы жазылган болушу керек экен. Оңдой берди болуп былтыр Кытай жергесинде Пекин, Шанхай, Сиян шаарларында өткөн бүткүл дүйнөлүк чыгармачыл жогорку окуу жайларынын ректорлорунун “Бир жол – бир багыт” (“Один пояс-один путь”) форумунда мага коллегаларым өтүнүч-тапшырыгын беришкен эле. Алардын шарты боюнча, ал чыгарма бир топ мамлекеттерде аткарылышы керек. Бул жаңы симфония “Улуу жибек жолу – Көчмөндөр” деп аталат. Эми ошол чыгармамдын бет ачарын Корея жергесинде өткөрүү буюруп турат… Ушул чакырыкка удаа эле Казань шаарына да чакыруу келди. Бул чакыруу тууралуу убагы келгенде айтаармын.

– Ичкен-жегенин, баскан-турганын интернет желелерине сала коюп, өз деӊгээлине жараша жашоосун шардана кылуу “кадыресе адатка” айланган заманда ааламды айланта кезип, кыргыздын атын чыгарып жатканыӊызды айгайлап жар салбай же саясат айдыӊынан ураандап чыга калбаганыӊызга тан бергендер болсо керек?..

– Кезинде, атайын дайындоо менен маданият тармагын жетектегеним коомчулуктун эсиндедир. Бирок, ар ким өз ишин майын чыгара жасай билген коомдо тартип да, өнүгүү да, тынчтык да болорун эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мен саясатта кылычымды ала чуркасам, ноталарымдын күнү эмне болот? Эми эле өзүӊ суктанып олтурган аалам алкагында өткөн турнелерде кыргыздын атын, музыкасын ким жаӊыртат? Өзүӊө жараткандан берилген озуйпаны так таанып, аткара билүү табият талап кылган мыйзам ченемдүү эмеспи.

– Чыгармачылыктагы озуйпаӊыздын чети эле бул болсо, негиздегениӊизге 25 жылдан ашкан консерваториядагы ректорлук озуйпаӊыз кантти экен? Узун сабак сөз экенин билип турам, кыскартып алгандачы?!..

– Күндүзү – ректорлук, түнкүсү – композиторлук… Антпесем, сөзсүз бир жагы аксайт да. Кудайга шүгүр, консерваториянын тарбиялануучуларынын дүйнөнүн ар тарабында атактуулукка жетишип, ал жерлерде да кыргыз музыкасын, маданиятын таанытып жатканы консерваториянын ишинин жемиши. Чыгаан композитор, музыкант таланттардын катарында атагы чыгып аткандарын четинен эле атасак, Москвада – Кузьма Бодров, Лиондо – Каныкей Медетбекова, Чехияда – Елена Кирал, Германияда – Жамила Райымбекова, Италияда – Жеңишбек Сманов, ал эми кичинекейинен жетелеп жүрүп өстүргөн бүгүнкү күндүн белгилүү музыканттары Азамат Сыдыков –АКШда, Англияда – Ж. Дурусалиев, Астанада -Токталиев ж.б.

Бизден билим алып чыккандарды эбегейсиз эмгек акыга өнүккөн өлкөлөр келишим менен ишке чакырып, алып кетип жатканына алгач ичим ачышып, урушуп жүрсөм, азыр алардын ал жерде абдан бааланып, кыргыздын атын чыгарып, музыкабызды таанытып жүргөнүнө канааттанам. Жалпысынан 50дөн ашык бүтүрүүчүбүз чет мамлекеттерде бааланган композитор экендигин эске алсак композиторлук мектебибиздин масштабдуулугунан кабар берет.

Өз учурунда консерваторияны Боллон системасына киргизбей, Москва консерваториясынын ректору менен кеӊешип, көрөгөчтүк менен сактап калганыбыз да чоӊ олжо болгон экен. Азыр тарбиялануучуларынын чыгармачылыгына кишен салган ошол системадан чыга албай жүргөн канчалаган консерваториялардын иши артка кетип жатат.

Чет мамлекеттерден да билим алып, такшалып келип, кайра өзүбүздүн балдарга билим берип жаткан Мусаев Баласагын өӊдүү кадрларыбыз да консерваториянын ишинин жемиши. Бүгүн биздин консерваторияны чет мамлекеттерде таанып, эсептешип жатышканы маңдай тер төккөн ишибиздин үзүрү.

-Президентибиздин комуз күнү боюнча сыясы кургай элек жарлыгына карата пикириӊиз?

– Мамлекет башчылары маданиятка көӊүл бөлгөн коомдун келечеги кеӊ болоруна дүйнөнү түрө кыдырып жүрүп ынандым. Мындай жарлыктардын акыркысы болбосуна ишенимим зор! Бул жакшы жөрөлгө баардыгыбызды кубандырууда.

– Мурат Акимович, маектешүүгө убакыт бөлгөнүӊүзгө ырахмат! Зоболоӊуз арта берсин!

– Сиздерге да рахмат! Ишиңердин ийгилигин берсин!

Маектешкен: Супатаева Альфира

1 thought on “Мамлекет башчылары маданиятка көӊүл бөлгөн коомдун келечеги кеӊ болоруна дүйнөнү түрө кыдырып жүрүп ынандым.

  1. Жаман адам озун мактап суйлойт дегендей, Муратбек Бегалиевдин баягы эле кокурок каккан пияры. Муратбек Бегалиевдин чыгармачылыгынан мурда, мактанычы биринчи орунда ан-сезимин ээлеп алган. Композитор катары тааныбайм. Жалан мактаныч жолу менен Муратбек Бегалиев деген атты таанытып келет. Ушинтип оокат кылса деле болот тура. Калпы ашынып кеткен. Композитор катары бычакка сап болоор бир чыгармасын коро элекпиз. Ал эле эмес калпы ашынганын ушундан билиниз, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында 80- жылдардын башында коюлган белгилуу жазуучу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклинин музыкасын толугу менен улуу композитор Калый Молдобасанов жазган. Композитор дуйнодон откондон кийин Муратбек Бегалиев уятсыз Википедиядагы баракчасына озуно таандык кылып тизмесине киргизип алган. Дал ошондой эле, «Ысык-Колду сагынуу» аттуу ырдын созу жана обону залкар жазуучу Чынгыз Айтматовго таандык экенин жамый журт жакшы билет (1996-1997-жылдары композитор Турдубек Чокиевдин «Кербез» аттуу ырлар жыйнагына кирген). Залкар Чынгыз Айтматов агабыз дуйно салгандан кийин, Муратбек Бегалиев музыкасынын автору болуп чыга келди. Бул каптарынын чекеси гана. Кыргыз коомчулугу Муратбек Бегалиевди чыныгы композитор катары эмес, «мен» эле «мен» деген пияр жолу менен «композитор» деген ат менен таанылганын жакшы билет. Ачуу чындык ушул.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *