Жай! Сени сүйөм, жапжашыл көркүӊ үчүн,

Жаштыктын өчпөстүгү боёлгон түбөлүккө.

Өзгөчө кереметсиӊ! Айлана көркөм бүтүн,

Аӊкыса жыпар жыты бакчалар төгүп гүлүн.

Деген керемет ыр саптарынын жаратуучусу, жан дүйнөсү уникалдуу сезимдерге бай, философиялык жана улуттук колоритти айкалыштырып өзгөчө стиль менен жуурулуштуруп ыр жаза билген акын Чолпон Райымбековнадан дил маек.

Босумбаева Чолпон Райымбековна 1982-жылы Жумгал районунун Кызарт айылында туулган. 1999-жылы А. Идинов атындагы орто мектебин бүтүрүп Э. Арабаев атындагы КМПУну мамлекеттик тил маданият институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2011-2014-жылдар аталган университеттин тарых факультетин бүтүргөн. Учурда Чаек айылынын О. Ногойбаев атындагы орто мектебинин тарых сабагынан берген мугалим. Үй-бүлөлүү эки кыз, эки уулдун энеси. Ырлары “Теӊир-Тоо таланттары”, “Эне жөнүндө баллада”, “Кыздарай 6”, “Самаалык 13” китептери “Ала-Тоо” журналына басылып чыккан.

-Кайсыл жанрга басым жасайсыз, жана эмне себептен?

-Атайын бир жанрга деле басым жасабайм. Жан дүйнөмөн оргуштап чыккан ыр саптарын кагазга түшүрө берем. Кээде ал лирикалык ырлар, кээде турмуштук, философиялык ой толгоолор камтылган ырлар болушу мүмкүн. Ал болсо ошол учурдагы келген илхом жана менин жан дүйнөмдөгү абалыма байланыштуу.

-Көбүн эсе кайсыл убактарда ыр жазасыз?

-Ушул убакта ыр жазам деп өзүмө күнүмдүк эреже түзүп алуудан алысмын. Ар кандай убактарда ыр саптары келиши мүмкүн. Ошол учурду сөзсүз кармап калууга аракеттенем. Көбүнчө жанымда киши жокто шыр кетет. Кээ бир учурда кимдир бирөө, алаксытып жиберсе оюм бөлүнүп,  саптарымды качырып жиберген учурлар кездешет.

-Ырларыӊызды көп окуп калабыз, андагы ыр саптары жашооӊуздан алынганбы?

-Ырларымды окуган адамдар, көбүнчө “турмуштук, философиялык ойлор көп экен, жашоодон кыйналган жоксузбу”-деп, сурашат. Ошондой эле капа болбо баары өтөт, жеӊесин деген каалоо, пикирлерин жазып жиберишет. Менин ырларымдын 60 пайызы мүмкүн жашоомон, күнүмдүк кездешкен окуялардан алынгандыр. Ал эми 40 пайызы жөн эле дилиме келе калган ойлордон жуурулушкан ыр саптары.  Ошондой эле кээ бир көрүнүшкө, жашоодогу окуяга, сүрөткө дилимен чыккан сүрөткердик шилтемдер болсо керек…

 -Акындар сахна төрүндө ырдап жаткандарын көп эле кездештиребиз, сизде да ошондой ой барбы?

-)))Жок ай, андай деле оюм жок. Себеби, мен ырдай албайм. Жаратканым мага орусча айтканда “слух, голос” дегендерден бербептир. Эгерде ырларымдан алып обон чыгарып ырдайм деген ырчылар болсо, албетте иштешүүгө даярмын.

-Ыр жазуу кичине кезиӊизде байкалды беле, же турмуш жолунан башталдыбы?

-Бала кезимен эле ыр жазууга шыктуумун. Адабиятка кызыгып, көркөм адабий китептерди көп окучумун. Мектепте окуп жүргөндө дубал газетага дайыма ырларымды чыгарып жүрчүмүн. Ыр эле эмес, бир нече аӊгемелерим да бар эле.  Дилбаян , ой толгоолорду катыра жазчумун. Адабияттан берген агайым Табылды агай “сенден бирдеме чыгат”-деп дайыма багыт көрсөтүп өзгөчө баалачу. Негизи аккан арыктан суу агат демекчи, чоӊ атам Босумбай казал жазчу дешет. Ал эми өз атам Райымбек өз учурунда сөздү жамактатып, кээде ыр саптары менен сүйлөп калчу. Атам демекчи, атам дагы мага айтаар эле, “сен мыкты акын болосуӊ”-деп. Студент кезде лирикалык ырларды жазып жүрдүм. Анан турмуш куруп, жашоонун биз билип, билбеген оош-кыйышында күнүмдүк-тиричиликке сүӊгүп кирип, ыр жазбай калдым. Жар күтүү, бала төрөп эне болуу, сезимдер менен баары аралашып ыр дүйнөсүнөн алыстап кеттим…

Бирок, эмнегедир жан дүйнөмө бүлүк түшкөнсүп, кандайдыр бир нерсеге бук болуу сезими ээлеп алгандай сезиле берчү. Мен муну депрессия деп түшүндүм. Анан эле мындан төрт жыл мурун фейсбукка кирдим. Анда мени менен бир айылда өскөн Кыял Тажиева, Актилек Төлөмүшова сыяктуу кыздардын ырларын окуп өздөрү менен баарлаштым. Алар менден “ыр жазып жатасыӊбы”-деп сурашты. “Жок” десем, “сен жакшы жазчу элеӊ го”-деп кейишти. Ошондой кийиин ойлонуп отуруп, ыр жазууну кайра баштадым.  Билесиӊби, ырларым мурдагыдан да шыр, мурдагыдан да сапаттуу, мурдагыдан да көркөм чыгып жатты. Көрсө менин жан дүйнөмдөгү бурганак, депрессия эмес таланттын жарыла албай турган учуру экен. Ошентип, көмөкөйүмдөгү көрөӊгөм оргуштап атырылып чыкты.

-Ыр саптарыӊыз тереӊ ойлорду камтыйт, ырчылар кайрылган учурлар болду беле?

-Азыркы учурда көбүнчө жеӊил-желпи обонго ылайык ырлар ырдалып жатпайбы. Балким, менин ырларым тууралуу ырчылар билише элек чыгар. Балким, обонго туура келбестир атайын обон жаратам деп сураша элек. Эгер сурашса кубанычта болмокмун. Ырларымды байкап көрүп, обон жаратам дегендерге жан дилим менен берүүгө даярмын. Обон жаралбагандыгынын дагы бирден бир себеби, лирикалык ырлардын жоктугу болсо керек.

Даярдаган: Гүлжан Жоомартбек кызы