Быжы – улуттук коюу тамак.

 Быжы

Керектелүүчү азыктар: Койдун кара ичегиси, 1-1,5 кг эт, 350-400 грамм ич май, 400-450 грамм күрүч, 3-3,5 кашык талкан, жарым боор, 1 көк боор, 200 грамм пияз, бир баш сарымсак, бир боо ашкөк, татымына жараша туз, зире, калемпир, мурч.

Даярдоо ыкмасы: Быжыны бышыраардан мурда ичеги-карындарды таза жууп, тазалап, туз татытылган муздак сууга чылап коюп, фаршын даярдоо керек. Ал үчүн сулп этти 2-3 литр азыраак туз кошулган муздак сууга салып, бир аз кайнатуу талап кылынат. Кайнаган этти чыгарып, колго майда туурайт. Эттин шорпосуна таза жуулган күрүчтү салып, күрүч жумшаганча кайнатат. Тууралган этти шорполуу күрүчкө кошуп, үстүнө калемпир-мурч, зире, ич май, пияз, сарымсакты туурап, татымына жараша туз салып демдеп коёт. Андан кийин боор менен көк боорду жыгач кашык менен эзип, фарштын үстүнө куюп, аралаштырат. Даяр болгон фаршты тузу сиңген ичгегиге куюп, муздак суу куюлган мискейге салып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Эскерте кетчү нерсе, фарш салынган ичегинин ар бир 30-35 см аралыгы жип менен байланып турушу шарт. Жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышканда көбөйүп кетет. Бышканча ичегинин көөп чыккан жерлерин ичке ийне менен сайып туруу керек. Быжыны өзүнчө идишке бышыруу зарыл. Аткени, ал жарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдон дасторконго коёбуз. Тамагыӊар даамдуу болсун!!!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *