Быйыл окуу жылы канчасында башталат? Министрликтин жообу

Былтыр парламентте окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси каралганы маалымдалган. Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, окуу жылы 2-сентябрда башталат.

«2-сентябрь күнү саат 9:00дө бардык мектептерде Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттар, класстык сааттар өтөт. 3-сентябрдан тарта окуу башталат», — дешти министрликтен.

Эске салсак, былтыр билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси  чечилип жаткандыгын билдирген. Бирок, былтыр түрдүү себептерден окуу жылы 1-сентябрда эле башталган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *