Эмне үчүн аарыдан чымын көп?

Курт-кумурскалардын 40 пайызы жоголуу коркунучунда турат. Аары, кумурска, коңуздар -канаттуулар, сүт эмүүчүлөргө салыштырмалуу сегиз эсе тездик менен жок болууда. Бул тууралуу иликтөө Biological Conservation журналына жарыяланды.

Көпөлөк, аарыдан таракан менен чымын көп

Ошол эле учурда курт-кумурскалардын айрым түрлөрүнүн саны көбөйүүдө. Мисалы, чымын менен таракан.

Курт-кумурскалардын санынын азайып жатышына айыл чарбанын өнүгүшү кесепетин тийгизген. Изилдөөчүлөр уулуу химикаттардын жана климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин белгилешет.

Эмне үчүн курт-кумурскалар маанилүү?

Жер шарындагы тирүү жандыктардын көбүн дал ушул курт-кумурскалар түзөт. Алар менен канаттуулар, майда-барат сүт эмүүчүлөр азыктанышат. Курт-кумурскалар дүйнө жүзүндөгү түшүмдүн 75 пайызын чаңдаштырат. Топуракты жумшартып, семиртет. Зыянкечтердин көбөйүшүнө жол бербейт.

Курт-кумурскалардын үчтөн бири жок болуу коркунучунда турганы айтылат. Ал эми саны алдыдагы он жылдыкта 40 пайызга кыскарышы мүмкүн.

«Мунун негизги фактору — байырлаган чөйрөсүнүн тарып бара жатканы. Албетте, бул айыл-чарба жумуштары, урбанизация жана токойлордун кыйылышы»,-деп түшүндүрөт иликтөөнүн автору Франциско Санчес-Байо.

Экинчи себеп, айыл-чарбасында көп колдонулган жер семирткичтер жана пестициддерди колдонуу, түрдүү химикаттар. Үчүнчүдөн, биологиялык факторлор дагы бар. Анын ичинде климаттын жылууланышы.

Изилдөөчүлөр Германиядагы жана Пуэрто-Риконун тропикалык токойлорундагы курт-кумурскалардын уча ала турган түрлөрүнүн кескин азайып жатышын глобалдык жылуулануу менен байланыштырат.

Зыянкечтер көбөйүүдө

Авторлор курт-кумурскалардын азайышы чынжыр сыяктуу эле башка жагдайларга таасирин тийгизет деп кабатыр болууда. Алар менен азыктанган жандыктарга дагы коркунуч туулат.

Курт-кумурскалардын айрым түрлөрү болсо, жаңы шарттарга бат эле көнүп кетишет.

«Зыянкеч курт-кумурскалар ысык аба ырайына деле бат көнүп, көбөйө беришет. Алардын табияттагы каршылаштары болсо акырындап жок болуп жатат»,-деп эсептейт Сассекс университетинин профессору Дейв Гулсон.

«Жыйынтыгында зыянкечтер көп болоору түшүнүктүү. Биз укмуш жаралыштардын баарын жоготобуз. Аарылар, көпөлөк, кыктарды табигый жер семирткичке айланткан коңуздардын түрлөрүн»,-деп кошумчалады окумуштуу.

Таракан

Профессор Гулсондун айтымында, чымындар жана таракандар пестициддерге туруктуу боло баштады.

Соңку иликтөө маалыматтары 99 пайыз Европа менен Түндүк Америкадан жыйналгандыктан, Африка менен Түштүк Америкада дагы кошумча иликтөөлөрдү өткөрүү зарыл болуп турат.

Эгерде курт-кумурскалардын көп түрлөрү жоголуп кетсе, ордуна башкалары келет. Бирок алардын ордун толуктоого көптөгөн жылдар сарпталат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *