Адамдын жүзүнүн көркү көзүндө, андыктан көзгө да кам көрөлү

Кылый көздү оңдоо кыйын эмес!

Кылый көздүүлүк олуттуу оорулардын катарына кирет. Себеби, көз оорусунун 10-15%га жакынын ээлейт.

Чалыр – бул бир же эки көздүн башка тарапты карап калуусу.

Келип чыгуу себептери, бул илдетке туш болуунун 2 түрү бар: тубаса жана кийин пайда болгон.

Тубаса түрү адам төрөлгөндө эле ошондой төрөлөт. Кийин пайда болгон түрүн төмөнкү себептер пайда кылат.

Бир көздүн көрүүсүнүн кескин начарлап кетиши;

Алысты жакшы көрбөө (миопия), жакынды жакшы көрбөө (гиперметропия), стресс, борбордук нерв системасынын оорулары (башта кан уюп калуу, баштын шишиги жана башка).

Көз булчуңдарынын тубаса аномалиясы (нормадан четтөө);

Шал болуу же көз булчуңдарынын алсыздыгы;

Жугуштуу оорулар (сасык тумоо, кызамык, менингит жана башка);

Абдан катуу коркуп калуу;

Соматикалык оорулар (күйүк, ички органдардын оорулары, дененин бир жеринен, өзгөчө көздөн же баштан катуу жаракат алуу жана башка).

Кылыйлык тукум кууйт. Бирок 100% эмес, укум-тукумдардын кээ бирлеринде гана кездешет.

Көздүн кыйшаюусунун түрү:

Көз ичкери (мурундун кайкысы тарапты) же сыртты (чыкыйды көздөй), же вертикалдуу (өйдө-төмөн) карап калат. Кылыйлыктын кээде гана кармай турган жана биротоло калыптанган түрү да бар. Кээде кармаган түрү адам стресске кабылганда же бир нерседен чочуп кеткенде, жыгылганда жана башка учурда пайда боло калып, анан жок болуп кетет. Так диагноз коюу үчүн невропатологдор жардамга келет. Чалырлыктын дагы бир белгиси болуп көздө экөө болуп көрүнүү (көздөрдүн эки башка тарапты карап калуусунан улам), баш айлануу, бир нерсени караганда башты бир жакка кыйшайтып кароо эсептелет. Соо адам бир нерсени караганда аны эки көзү менен тең көрсө, кылый көздөрдүн бир көзү гана көрүп, экинчиси аны көрбөйт. Бул жүрүп отуруп көрүүнүн начарлашына алып келет.

Атайын текшерүү жүргүзүлөт. Мисалы: көздүн кыймылы, көрүүнүн деңгээли, каректин абалы жана башкалар.

Дарылоо жолдору

Баланын кичине кезинде чалырлыгы билинер замат врачка алып баруу керек. Анткени, көздөгү булчуңдар туура эмес жайгашкан болсо, аны атайын көз айнек жана коррекциялоочу көнүгүүлөр менен калыпка келтирсе болот. Ал эми бала чоңоюп, 18-25 жашка чыгып калгандан кийин кылыйлыктан арылуу кеч болуп калат. Себеби, көз булчуңдары катып, калыпка келтирүү кыйындайт. Аппараттык дарылоо ыкмасы (Сидоренко, Синоптофор көз айнеги) да колдонулат. Бул көрүүнү калыпка келтирет. Кыйлыйлыкты жоюу айларга, ал тургай жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Андыктан ата-эне чыдамкайлыкты көрсөтүп, баланын келечегин ойлоп, аягына чейин дарылатуусу керек. Дарылоодогу дагы бир ыкма – операция жасоо. Жаш балдарды 4-6 жашында көзүнө операция жасатса жакшы. Операция оорунун оор-жеңилдигине жараша 1 же 2 этап менен өтүшү мүмкүн. Оорулуу 4-5 күндөн кийин үйүнө чыгып, 3-4 ай бою дарыгердин көзөмөлүндө болот.

Оору эмнеси менен коркунучтуу

Көргөн нерселерди туура эмес кабылдоо жана көрүүнүн улам төмөндөй бериши менен коркунучтуу. Косметикалык ыңгайсыздык да жаратат. Көбүнесе жаш кыздар кылыйлыктын айынан турмушка чыкпай, элден оолак жүрүп калышат. Мектеп баарынын психикасына доо кетет. Анткени, теңтуштары аларды түркүн сөздөр менен басынтышы мүмкүн.

Өз алдынча көнүгүүлөрдү жасаса болбойт!

Көнүгүүлөр диагнозго гана жараша жүргүзүлөт. Бул үчүн атайын түзүлгөн программа бар. Канчалык врачка эрте кайрылса, ошончолук эртерээк көздү калыпка келтирүүгө болот.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *