ЖАӉГАКТЫН ДАРЫЛЫГЫ!!!

Буга окумуштуулар «касиети андагы эң пайдалуу заттарда” деп түшүндүрүшөт. Изилдөөлөрдө жаңгактын данында, май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана витаминдерден: В, В6, В2, А, С, К бар экени тастыкталган. Булардан тышкары амин кислоталарынын топтомдору да бар.

Организмге тийгизген таасири:

Жогоруда айтылгандай жаңгактын тандалма курамы адамдын иммунитетинин көтөрүлүшүнө, денеден оор металлдардын (стронций, коргошун ж.б.) чыгышына, организмдин радиацияга каршылыгынын жогорулашына салым кошот. Ошондой эле жаңгак мээни азыктандырып, анын иштешин жакшыртат. Жүрөктүн булчуңун жана ашказанды бекемдеп, атеросклероз оорусунун алдын алат. Кант диабетинен арылууда салым кошуп, кош бойлуу аялдардын курсак терисинин жарылышына жол бербейт. Эркектердин бел кубатын күчөтөт. Жаңгактын жалбырагы микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ экенин да айта кетели.

Жаңгак кыямы:

Көк жаңгактын кыямы (варенье) бөйрөктүн сезгенүү ооруларында (нефрит, пиелонефрит) колдонулат.

Жаңгак майы:

Жаңгак майы заманбап жана элдик медицинада коньюнктивит (көз оору), тери жаракатында жана эмчектин үрпү кесилгенде сыйпоо үчүн колдонулат. Отитте (кулак оору) кулакка тамызылат.

Кандай ооруларга колдонууга болбойт: Псориаз, экзема, нейродермит, бөрү жатыш ооруларынан жапа чеккендерге колдонууга болбойт. Ошондой эле гастрит оорусунун курчуп турган кезинде пайдаланууга тыюу салынат. Анткени, жаңгак аталган ооруларды күчөтүп жиберет. Эс тутумду калыпка келтирүү үчүн, жаңгак бальзамын даярдоо керек.

Ал үчүн 1 килограмм жаңгакка 300 грамм бал кошулат. Ал эми 100 грамм алоэге 300 грамм суу кошулуп, өзүнчө кайнатылып, анан муздатылып алынат. Эми жаңгак, бал, алоэни кошуп аралаштыруу зарыл. Күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан колдонулат. Имунитетти көтөрүү үчүн 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат. Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык. Бел кубатты көтөрүү үчүн 100 грамм жаңгак менен бир аш кашык балды аралаштырабыз. Ар күнү уктаарга 3-4 саат калганда бир аш кашыктан кабыл алуу керек. Таасири бир нече күндөн кийин байкала баштайт.

Тишти тазалоо:

Көк жаңгактын сыртындагы калың кабык менен тишти сүртсө, тиш аппак болуп чыга келет. Ооз ичиндеги жагымсыз жыттар да кетет.

Сөөлдөн кутулуу:

Жаңгактын жалбырагын бир идишке салып, үстүнө суу куюп кайнатып алат. Анан кайнатма сууп калганда сөөлдүн үстүнө жалбыракты суусу менен басып, үстүнө целлофан коюп таңуу кажет. Муну күндүз деле бир нече ирет жасай берүүгө болот. Сөөл алгач карарып, анан өлчөмү кичирейип баштап, акырында жоголот.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *